Кыргызстандыктар Белоруссияда акысыз билим ала алат

На изображении может находиться: 2 человека, костюм

Бишкек, 14.02.2020. Sokol.mediа

Сегиз гранттык орун. Кыргызстандыктар Белоруссияда акысыз билим ала алат

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашып, 2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн Белоруссияда IT-технология тармагы жакшы өнүгүп жатат. Буга чейин кыргызстандыктар сиздердин өлкөдөгү IT-академияда окуудан өтүп келишкен. Биз бул боюнча академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,-деди Каныбек Исаков.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Белоруссияда 26 Кыргызстандын жараны билим алып жатат Алардын 20сы келишимдик негизде.

“Быйыл Белоруссия өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы”,-деди Андрей Страчко.

Жолугушууда мынданы сырткары кыргызстандыктардын Белоруссиянын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында акысыз билим алуусу жана эки өлкөнүн техникалык багыттагы университеттеринин кызматашуусун жакшыртуу суроолору талкууланды.

❗️Сынактын талаптары жана документтерди тапшыруу мөөнөтү тууралуу жакынкы сааттарда кошумча маалымат беребиз.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *