Кыргызстанда өткөн жылы 30268 миң даана жумуртка өндүрүлдү

Картинки по запросу "яйцо"

Бишкек, 14.02.2020. Sokol.mediа

Кыргызстанда өткөн жылы мал жандыктардын саны бир топ көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 53,1 миң башка көбөйүп 1680,4 түздү. Кой жана эчкинин саны 97,0 миң башка көбөйүп 6264,9 башты түздү. Жылкынын саны 23,9 миң башка көбөйүп 522,6 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 башты түздү, чочконун саны 16,5 миң башка азайып 34,7 миң башты түздү.
Белгилей кетчү нерсе 2020-жылдын январь айында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.
2020-жылдын январь айында республика боюнча 78,8 миң тонна сүт өндүрүлдү, 1538 тонна, же болбосо 2,0 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.
Республикада 30268 миң даана жумуртка өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 1229 миң даанага же 104,2 пайызга көбүрөк болгон.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *