Көзөмөл жакшы болбосо коронавирус жер шарындагы элдин 66 пайызына жугушу мүмкүн

Бишкек, 14.02.2020. Sokol.mediа

 Учурда дүйнөгө тарап жаткан коронавирусту жакшы көзөмөлгө албаса жер шарындагы элдин 66 пайызына жугушу ыктымал. Бул тууралуу Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун кеңешчиси Айру Лонджини билдирди.

Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда , эксперт вирус жуккан киши айланасында 2-3 кишиге дагы жуктура турганын эске алуу менен ушундай жыйынтыкка келген.

Айру  Лонджини карантин киргизүү менен вирустун жайылуусун жайлатууга болорун айтып, бирок мындай кадамдар Кытайдын бир катар аймактарына жайылып кеткенден кийин кабыл алынганын эске салды.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус миңд ен ашык кишинин өмүрүн алып, 60 миңдей адамга жуккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *