Министр Боронов Айылдарда жашоо жакшыргандыгын айтты (видео)

Бишкек, 14.01.2020. Sokol.mediа

Депутаттар бүгүн алгачкы чогулушун баштап, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов суроолорго жооп берип жатып, өлкөдө жашоо жакшыргандыктан айылдагы чогулуштарга ат, эшек менен келген киши жокко эсе экенин билдирди.

“Мурда чогулуштарга айыл тургундары ат, эшек минип келсе, учурда жыйындарга дээрлик бардыгы автоунаа менен келип калышты. Демек бул айыл элинин жашоосу оңолгондугунан кабар берет”,— деди Боронов.

Ал арада интернетке 2019-жылдын декабрь айында тартылган видео чыкты. Анда Өзгөн районунун Зергер айылынын окуучулары мектепке коомдук унаа катары эшекти минип келишкени айтылат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *