Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине кеңешчи болуп дайындалды

Картинки по запросу сабырбек жумабеков омур баяны

Бишкек, 14.01.2020. Sokol.mediа

Көптөгөн оор операцияларды жасаган,  кыргызстандык белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчи болуп дайындалды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, академик Жумабеков 4-январдан 12-январга чейин иш сапары менен Кытайда болгон. Ал россиялык кесиптеши Николай Загородний менен өлкөнүн алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиядагы инновациялык технологиялар боюнча сегиз лекция окушкан.

Жумабеков Фанчэнган шаарындагы университеттин клиникасында тизе муундун оорусу боюнча мастер-класс өткөн. Ушул шаарда алдыңкы технологиялар менен 2000 койкалуу медициналык инновациялык борбор курулуп жатканы айтылат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *