Бишкекте жолдон чуркап өтмөкчү болгон аялды машине сүзүп кетти

Бишкек, 18.11.2019. Sokol.mediа

Бишкекте жолдон чуркап өтмөкчү болгон аялды машине сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин

ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫ билдирди. Окуя болжол менен саат 8:00 дор чамасында болгон.

“Кыз жолду өтүп баратканда аны X-Trail макасындагы машине сүзүп кеткен. Анын артынан келе жаткан машине токтогонго үлгүрбөй, аялды тебелеп өткөн. Алган жаракаттарынан улам ал ошол жерден жан берген. Учурда каза болгон аялдын өздүгү такталып жатат. Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу бар”,- деп билдирген ИИМ.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.