“Кыргызстан” партиясынын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов съездге мас абалында келдиби? (видео)

Бишкек, 23.09.2019. Sokol.mediа

Кечээ, 22-сентябрь күнү Кыргызстан партиясынын съезди өттү. Ага 1100 делегат катышып, партиянын  лидери Канат Исаев отчет берип, анын 4 жыл жасаган иши канааттандыраарлык деп табылды.Ал кайра 4 жылга партиянын лидери болуп дайындалды.

Андан да кызыгы съезд учурунда “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири, айтылуу “Аю” жана башка ири  компаниялардын ээси Шаршенбек Абдыкеримов спирт ичимдигин ичип алып курултайга келгенине жана маанисиз сөздөрдү сүйлөгөнүнө делегаттар нааразы болуп жатты.

Мындай  көрүнүштү кандай түшүнсө болот? Бул же партияны тоготпогондукпу же байлыкка көпкөндүкпү? Ушуга окшогон адамдар партия түзүп алып иш алып барса Кыргызстандын келечеги өнүгүп кетээрине деле күмөн болуп калдык окшойт...

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *