Өспүрүмдөр бетиндеги безеткилерден кантип бат арылса болот (Кеңештер)

 Өспүрүмдөрдүн теридеги безетки менен болгон мамилеси көпчүлүктү ойлондуруп келет эмеспи.  Беттеги безеткилер физикалык жана психологиялык жактан ыңгайсыздыкты жаратат.

Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн аны жеңүүнү билиш керек. Өспүрүмдөргө  бетиндеги безеткиден уй шартында арылуунун бир нече жолдору бар . Идеалдуу болгон келбет жаш кыздар жана мырзалар үчүн эң  негизги фактор болуп саналат. Мындай учурда безеткиден арылуу маселеси эң көйгөйлүү орунду ээлейт. Бетиңизден безетки көргөндө жинденип, кайгырбастан үй шартында кантип жоготуунун жолун билип алыңыз. Төмөндө сизге керектүү болгон бир канча жолдорун көрсөтүлгөн:

 Ромашка тундурмасы

 Ромашка тундурмасы же болбосо алое шербетин колдонуп бетиңизди жууңуз. Алар терини сергитет. Ромашканын тундурмасын тоңдуруп эрте менен колдонуңуз.

Маскалар

Маскалар жабылып калган тешикчелерди ачып, терибиздин эс алуусуна жардам берет. Масканы тазаланган бетке коюңуз. Пилингден кийин масканын эффективдүүлүгү көбүрөөк болот. Төмөндө жөнөкөй жана эффективдүү болгон маскаларды көрсөтүп кетели:

  1. Безеткиге каршы айран маскасы.

30 мл айран жана 2 кашык  күрүч унун аралаштыруу керек. Даяр болгон соң таза бетке 15 мүнөттөй коюп, жылуу суу менен жууп саласыз

2. Жумуртка жана бал маскасы. Аны жасоо үчүн 1 жумуртка сарысы жана 1 чай кашык балды аралаштыруу керек. Муну да жогорудагыдай эле убакытта коюңуз.

 

3. Кара самын. Жөнөкөй кара самынды теркадан өткөрүп 2 чоң кашык суу,1 чай кашык деңиз тузу, 2 тамчы өсүмдүк майын аралаштырып жасоого болот.

4. Ак же көк ылайды бал менен аралаштырып бетке коюңуз. Бул маскаларды 1 ай ичинде күнүнө колдонуңуз. Териде 15 мүнөт кармалгандан кийин масканы жылуу суу менен жууп коюңуз.

 

Эшимова Алтынай

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *