Кичинекей Алинурга жардам керек! Кыргыз элим, жок дегенде бөлүшүп койгула!

Кичинекей Алинур бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Төрөлгөндөн баштап эле бала жакшы уктабай, тынчы жок болгон. 4 айлык кезинде ата-энеси Алинурдун үндөргө эч кандай маани бербей жатканын байкашкан. Анан балага 5 ай болгондо аудиограмма жасатышса эки кулагы тең укпайт деп айтышкан.

“Балама укпайт деген диагноз койгон күндү эч качан унута албайм го. Дүйнөдө эне үчүн баласынын оорукчан дегенин уккандан башка жаман нерсе жок болуш керек. Качан даарыгер эмне деп айтат деп күткөн күндөр али эсимде. Мен бул диагнозду укканда ага ишенгим келбей жатты. Бизге балам угуп жаткандай сезилип, кулагын нерропатологко, сурдологко алып даарылата баштадык. Алинурга 10 ай болгондо дагы аудиограмма жасаттык. Кайра эле ошондой  диагноз коюшту. “Кохлеарная имплатанция” . Бул опперацияны Бишкекте Москвадан келген адистер жасайт экен. Операцияга 13000 Евро керек. Биздин үй-бүлөнүн мындай акча табууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан кыргыз элимден жардам күтөбүз!”,-деп кайрылган кичинекей Алинурдун апасы.

Урматтуу кыргыз элим!!! Рамазан айында көпчүлүгүбүз колдоп, жардам көрсөтсөк сонун болмок эле. Канча акча болсо да жардам кылсаңыздар болот.

Акчаны төмөндөгү эсепке салсаңыздар болот:

РСК Банк 000001469428 Суеркулованын атына

Сбербанк 4276380023791267 рубль Зариеванын атына

Элсом 0700099011

Тел: 0700099011 Алинурдун апасы

 “Балам” деген сөздөрүнүн бирин уксам

Ал тургай кооз булбулдун тилин уксам.

Ааламга алып келген апакемдин

“Алинур” деп эркелеткен үнүн уксам.

Ааламда эң бактылуу болоор элем,

Мына ушундай жымжырттыктан эгер чыксам.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *