Ымыркайларга кандай кам көрүү керек? Педиатрдан кеңеш

Бишкек.07.05.2019.Sokol.media

Жаңы төрөлгөн ымыркайлар абдан назик болуп, аларга кылдаттык менен мамиле жасап, жакшылап карабаса бат эле оорутуп алышыбыз мүмкүн. Баланы төрөлгөндөн баштап жакшы бакса, келечекте ал дени сак болуп чоңойот. Бала тили чыккычакты кайсы жери ооруп жатканын айта албагандыктан аны энелер өздөрү байкап, сезүү керек. Жана албетте баланы караган педиатрдын кеңеши сөзсүз керек. Бүгүн сиздерге, өзгөчө биринчи балалуу болуп, тажрыйбасы азыраак энелерге педиатр Перизат Камчыбековнын кеңешин сунуштайбыз.

Балага канча айынан баштап кошумча тамак берүүгө болот?

Балага негизинен 6 айдан сон кошумча тамактар бериле баштайт. Мисалы, быштак( творог) агуша ж.б. Баланы негизинен 6 айлыгына чейин кошумча тамак бербестен өз сүтү менен  эмизүү керек.

Ымыркайдын  ысып же үшүп жатканын кантип байкоого болот?

 Баланын курсагын тойгозуп астын кургактап койгондо да ыйлай берсе анда анын ушуп же ысып жатканын байкоого болот. Эгер мойну же тердегенин сезгенибизде бала анда ысып жатат. Ал эми мурду же алаканы таманы муздак болсо анда ушуп жатканын байкайбыз. Негизинен баланы ашыкча эле ороп койгон  туура эмес.

Ичи өтө баштагандагы алгачкы жардамдар

Баланын ичи өтө баштаганда температура болот жана  занынын өңү өзгөрөт. Бала эне сүтүн ар бир эмген сайын куса берсе,  анда ага кайнатылган суу берүү керек. Бул уйдо жасала турган жардам. Ага да болбой температурасы күчөп, көздөрү тегеренгенде  уйдо алып олтура бербестен даарыгерге алып баруу керек. Анда балага инфекция кириши мүмкүн. Албетте эгер ооруканага эрте алып барса баланы бат эле айыктырып алууга болот. Негизи мындай нерселер апалардын тазалыгынан көз каранды. Тырмактарын өстүрүп,  гигиенаны кармабагандыктан келип чыгат. Сөзсүз түрдө баланын колун жууп, кийимин таза кармап, идиш аягын өзүнчө колдонсок,  ушундай оорулардан алыс болобуз.

Баланы бат-бат жуунтунун пайдасы канчалык денгээлде?

 Биринчиден баланы сууга салуудан мурун бөлмөнү даярдап алуу керек. Бөлмөнүн температурасы бирдей жылуулукта болуп эч бир жерден шамал кирбөөсү абзел. Чоң дагарага 35-36 градустагы сууну куюп, баланы сууга түшүрөбуз. Сол колуңуз менен башын кармап оң колуңуз менен колтуктарына, колдоруна, буттарына жана  жыныстык мүчөлөрүнө самын сыйпап анан  жууйбуз . Алгач баланы жуунтуу убактысы 5 мүнөттөн ашпоосу керек. Аз-аздан мүнөт кошуп олтуруп бир айда 15 мүнөткө чейин жеткирүүгө болот. Баланы канчалык сууга салган сайын анын иммунитети көтөрүлөт. Акыл эси тез өнүгөт. Суунун пайдасы,  баланын нерв системасын калыптандырат. Ошон үчүн баланы 1 жашка чыкканга чейин күн сайын, бир жаштан ашкан соң 2-3 күндө бир жуунтууга болот.

Жуунтканда кир самын колдоонун зыяны барбы?

 Ымыркайды жуунтууда жумасына бир жолу самын колдонуу жетиштүү. Башка күндөрү жөн эле сууга чайкаганыбыз оң. Анткени самын  баланын денесин кургатып салат.

Баланы бешике болоо зыян деп айтылып жүрөт. Ушул туурабы?

Ооба, бешик болбойт. Биринчиден бала өзүн эркин сезүүсү керек. Бешике баланы бөлөгөндө биз 10 саат, ашып кетсе бир сутка деле бөлөп кое беребиз. Жумушубузду бүтүргөнүбүзгө сүйүнүп, баланы кыйнап коебуз. Себеби бешик ичинде бала колу буту байланган, ошондой эле балага эч кандай кислород жетишпей калат. Бешиктин кемчилик жагы сөөктөрү өспөй, балада кан айлануу системасы начарлап калгандыгында. Дагы бир кемчилиги бешик шимегин эптеп жууп эле баланын чочосуна кадап коебуз. Ал шимекте бир канча бактериялар бар экендигин билбейбиз. Бала бешикте канчалык көп жатса, ошончолук башынын жапыз болуп калгандыгын эске алуу керек. Ошон үчүн азыркы учурда бул нерсени көпчүлүк ата-энелер түшүнүп, баланы  бешике бөлөө да азайып баратат.

Мына урматтуу апалар! Балдарыбызды жогорудагыдай кылып жакшылап карасак гана баланын дени сак болот!

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

1 комментарий

  1. Eliza:

    Аябай керектуу информация экен👌

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *