Кытайда окуп жана иштеген Бузурмандын ийгилиги

Бишкек.06.05.2019.Sokol.media

Бүгүн биз чет жерде билим алган жаштарыбыздын дагы бир мыктысы тууралуу сөз кылмакчыбыз. Учурда кытайдагы Түндүк Батыш университетинде «Эл аралык мамилелер” бөлүмүндө магистратурада билим алып гана тим болбостон, иштеп да жетишкен Бузурман Эргешбеков тууралуу болмокчу. 

25 жаштагы Бузурман Эргешбеков. Ал 1994-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Нылды айылында  төрөлгөн. Учурда Кытайдагы  Түндүк Батыш университетиндеги «Эл аралык мамилелер” бөлүмүндө   магистратурада  2-курста  окуп жатат.

 Бузурман Эргешбеков үй-бүлөөдө алты бир туугандын экинчиси.

Ал 2012-жылы  Манас районуна караштуу Нылды айылында Өмүрзак Израилов  атындагы  орто мектепти  эң жакшы деген баалар менен бүтүп,   2016-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетин Кытай-Кыргыз факультетинин  «Эл аралык мамилелер» бөлүмүндө окуган. Азыркы учурда Кытай Эл Республикасында билимин  тереңдетүү максатында ошол эле «Эл аралык мамилелер”бөлүмүндө магистратурада 2-курста окуп жана жеке фирмалардын биринде «Нефть» тармагында  менеджер-котормочу болуп иштейт.

Учурда кытайдын кайсы шаарындасың?

—  » Улуу жибек жолунун»  башталышы тарыхы узун, маданиятка бай 10 000 000дон ашык калкы бар Шаньси провинциясынын Сиань деген шаарында жашап жатам.

Кытай  тилин тандаганыңдын себеби… кантип Кытайга барып  окуп жана иштеп калдың? Деги эле Кытай жери, эли кандай экен?

—  Менин кытай тилин окушума эң биринчи ата-энем жана жакын туугандарым себепчи болду  десем болот.  Учурдан пайдаланып аларга  дагы бир жолу ыраазчылыгымды билдирем. Дүйнөдө эң оор тилдердин бири кытай тили деп айтылат, чындыгында таттал. Албетте, жаңыдан окуп баштаганда кыйынчылыктар болду.  Уйкусуз түндөр, ыйлаган учурлар, кээде окубай эле койсомбу деген да ойлор келди. Бирок билчүмүн, кыйынчылык болмоюн  өз жемишин бербесин…

2014-2015 жылдары бакалаврда окуп жүргөндө аябай даярданып, ар кандай сынактарды  тапшырып, Кытайга бир жылдык окууга гранттык негизде жолдомо утуп алып окуп келгем. Бакалаврды окуп бүткөндө Бишкекте кытайлардын эки чоң компаниялары менен иштешип баштадым. Ошондо Кытайдан адамдар келип, мага Кытайга барып окуп иш менен камсыз кылууну да сунушташты. Көп ойлонуп анан  макулдугум бердим.  Ал эми келгениме үч жылдын жүзү болду.  Тамак ашы,  аба ырайы, жашоосуна көнүп калдык.  Айтоор азыр  бизге эч кыйынчылык деле сезилбейт.  Бирок кээ бир учурларда  Кыргызстандан окуйм деп келишип, бул  жердин жашоосуна көнө албай  кыйналып кеткендер да бар.  Ал эми бул шаарды тандаганым да жөндөн-жөн эмес. Анткени  бул шаарда  дуңган улутундагы мусулман элдер көп, ошолордун ашкана,кафелерине барып тамак ичебиз. Намаздарына бекем,орозосун кармап жана жума намаздарын калтырбайт. Ошондой эле  Кытай азыр баардык тармактан өнүккөн мамлекет жана эли да көп. Жерлери да кооз, суу барбаган жерге суу алып барып, чөп чыкпаган жерге чөп чыгарып, тоону казып жер менен тегиз кылып дыйканчылык кыла турган талааларды ,эс алчу жайларды, үйлөрдү,көпүрө, көп кабаттуу болгон жолдорду куруп жатат. Жалпысынан алганда алар  эмгекчил келишет.Кылган ишине жана убакытка так болушат. Бирок “бир короо койдун ичинде бир аксагы болот”,- дегендей баарын жакшы деп мактоодон да алысмын. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса сиздер да келип, бир жолу көрүп кетүүнү сунуш кылат элем. Анткени жаманбы, жакшыбы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында турган мамлекет.

Кытайдын билим берүү методикасы жөнүндө айта кетсең… кандай өзгөчөлүктөрү бар?

—   Кытайда билим берүүгө  өзгөчө көңүл бөлүшөт. Билим берүү ыкмасы да өнүккөн. Азыркы замандын талабына ылайык китепкана,  музей, ар кандай жаңы технологиялар менен жабдылган бөлмөлөр, электрондук китептер,сайттар  бар. Ар бир мугалимдин сабак өтүү ыкмасы ар башка бирине- бири такыр окшобойт. Сабак учурунда студенттерди көбүрөөк  сүйлөтүп, өз алдынча  жасоого тапшырмалдарды беришет. Биз да кытайлар менен  бирге  эртең мененки саат 08:00 баштап,  кечки 21:00 чейин сабак өтөбүз. Албетте ортосунда тыныгуу бар. Бирок  жаңы келгенде  сабакка узаак мөөнөткө   олтура албай кыйналат элек. Азыр шүгүр көнүп калдык. Ал эми жаштары билимге умтулуп, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Дагы эң кызыгы,  алар жанына ар дайым  ичкенге суу алып жүрөт, суусу  болсо эле  окуп олтура беришет. Кандай маалымат керек болсо  керектүү китептерди да интернет магазинден сатып алганга да ыңгайлуу жана баасы да арзан. Мен мектепте окуп жүргөндө кээде сабактан жакшы баа алыш үчүн үй тапшырмасын аткарып даярданып келчү элем. Ал эми буларда баа алыш балл топтош деген түшүнүк жокко эссе өздөрүнүн келечеги, өздөрүн өнүктүрүү үчүн окушат.

 Кытай тилин үйрөнүү кыйынга турдубу? Айтайын дегеним, чет тилин үйрөнөм дегендерге кандай кеңеш берет элең?

— Орус окумуштуусу Лев Толстойдун айткан сөзү бар: «Жаштардан көп угасың: бирөөлөрдүн акылы менен жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, убакыт коротуп аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда»,- деген.  Айтайын дегеним,  ар бир тилди үйрөнүүдө окумуштуулар, тилчилер ,илимпоздор тарабынан окулуп иштелип чыккан жөнөкөйтүлгөн  ыкмалар бар. Ошолорду колдонсо жетишээрлик деп ойлойм.Тамды куруп баштаганда там көрктүү,бекем жана кооз болуш үчүн фундаменттин жакшы куйган сыяктуу эле тил үйрөнүп жатканда да, фундаментти бекем кылып жакшы окуп алса, калгандары кыш(кирпич) сыяктуу кыналып кете берет. Туура эмес сүйлөп алам деп эч убакта коркпош керек жана күнүнө  эң аз дегенде  2 саат окууганга  убакыт бөлүш керек. Ошондой эле, эң биринчи кезекте каалоо, ыктыяр жана эрк болушу керек. Булар тил үйрөнүүдөгү  эң негизги  куралдар.

 Кытай тилдеринен тышкары, кайсы тилдерде сүйлөйсүң?

—  Кыргыз, Орус, Түрк, Англис, Кытай тилдеринде сүйлөйм.

 Окуу жана жумуштан тышкары эмне менен алектенесиң?

—  Бош убакыт болгондо спорт менен машыгып, футбол,баскетбол ойнойм. Кээде китепканага барам, тамак жасап ичебиз, кээде китебим көтөрүп алып сейил бакка  барып сейилдеп, китеп окуп кайра кайтып келем.Көбүнчө бош убакыт болбойт. Узак мөөнөткө бош убакыт болсо,  кытайлык кыргыздар менен жолугуп жана башка шаарларга барып көрүп келгенге аракет кылабыз.

Биздин кытайлык кыргыздар тууралуу дагы айта кетсең…

Виктор Гюгонун айткан сөзү бар. “Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт”,-саны  аз болсо да улуу элдин урпагы кытайлык кыргыздардын Кыргызстан дегенде сагынычы, көксөөсү,кусалыгы, сезимдери өтө күч. Айылына барып калсак коюн союп, бар жогун алып чыгып сыйлашса кыргыздын мейман-дос экенине  сүйүнсөк, бир четинен кор болуп жатканына ичибиз ачышат.Биздин ар бир келип кеткенибизде сагынычтуу саламын  жолдошот. Алар Кыргызстан жөнүндө жаңылыктарды көрө албайт, бирок өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча үстүртөн дайыма кабардар. Кыргыздардын жүрөгүн ооруткан маселелер алардын да жүрөгүн канатат.

Алдыда кандай максаттарың бар? Кыргызстанга кайтып келем деген ойлор барбы? Же азырынча өлкөгө келүү планыңда жокпу?

Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт –дегендей жакшы ойлорум жана максаттарым көп. Алдыга койгон максаттарым эң биринчи өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү жана коомго пайдамды тийгизүү, такыр болбой калса зыянымды тийгизбөө.  Ал эми элибизде жакшы кеп бар эмеспи,  ат айланып казыгын табат. Андыктан  арканыбыз канчалык алыс кетсе да казыгыбыз туулган жер Кыргызстанда жана эл жерде. Жакынкы арада буюрса  3-4 жылдан кийин кайтып келсемби дейм. Туулган жериме келип, эл-жерибизге кызмат кылабыз деген жакшы ой-тилектер бар.

Маегиңе рахмат! Өлкөбүзгө болгон сагынычың болсо керек…Анда биздин маек кыргыз элине каалоо-тилек менен жыйынтыкталсын…

— Ооба, ар бир адамдын жүрөгүндө өз элинин кичинекей сүрөтү жүрөт. Кыргызстан дегенде сагынычыбыз өтө күч, аябай сагындык. Элдин-жердин кадырын  жана баркын адам мекенден  кичине узаганда түшүнөт экен. Ошондуктан бейиштин төрүндөй болгон жерибизди сактап, алакандай элибиз ынтымактуу болуп, улууларыбыз уяттуу ал эми кичүүлөрүбүз билимдүү жана ыймандуу болушсун.  Баарыбыз биргеликте Кыргызстанды өнүгүп-өскөн мамлекеттердин катарына кошолу. Учурдан айдаланып, жалпы кыргыз элине тынччылык, бекем ден-соолук, берекелүү жашоо  каалайм!  Ошондой эле, жалпы Кыргыз элимди  Улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм!  Ниет кылып кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Маектешкен : А.Жапаркулова

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *