Икер Касильяс футболдон кетет

Португалдык дарбазачы Икер Касильяска даарыгер-кардиолог Хуан Антонио Карбалан мындан ары футболдогу карьерасын токтотуш керектигин айтты. Бул тууралуу AS испан порталы жазды. Даарыгердин айтымында коранардык стент менен футбол ойногонго болбойт.

Икердин ден соолугу жакшы болуп, мындан ары жакшы турмуш өткөрө берет. Бирок жогорку деңгээлде футбол ойной албай калат.

Буга чейин футболист Twitter баракчасына жакшы болуп калгандыгын айтып, күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирген.

1 май күнү Касильяс машыгуу учурунда жүрөгүнөн приступ берип ооруканага жаткырылып, ага операция жасалган. Сезон бүткүчө ал эми футбол талаасына чыкпай тургандыгы айтылууда.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *