Сүйүү үчүн 8-класстын окуучусу өз жанын кыйды

Сурот интернеттен алынды

Каракол шаарында 8-класстын окуучусу (эркек бала) өз жанын кыйды. Бул тууралуу Каракол шаарында 30-апрелде өткөн «Мигранттардын балдары оор турмуш кырдаалында — көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору» аттуу семинарда маалымдалды.
Катышуучулардын айтымында, окуя ушул жылдын 27-апрелинде саат 11:00 чамасында катталган. Айрым маалыматтар боюнча өз өмүрүнө кол салган бала 6-класста окуган кызга ашык болгон. Бирок кыз анын сүйүүсүнө жооп берген эмес. Мындан улам бала өз жанын кыюуга барган.
Маалым болгондой, Россияга иштегени кеткен баланын апасы жакын арада келмек. Ал атасы жана агалары менен жашачу. Бала үй-бүлөнүн эң кенжеси болгондуктан апасынын келээрин көп күтпөсүн деп айтышкан эмес.
Уюштуруучулардын бири Айнакан Намазованын айтымында, семинарга социалдык педагогдор, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, мугалимдер, өспүрүмдөр менен иштеген адистер катышты. Анда ата-энеси миграцияга кетип, балдары оор кырдаалда калган учурлар талкууланды.
Ошондой эле, балдардын өз жанын кыюу учурлары көп катталып жатканы айтылып, мигранттардын балдары менен иш алып барууну бекемдө керектиги айтылды. Социалдык коргоо башкармалыгынын маалыматына караганда, шаарда 930 мигранттын балдары бар.
Кийинчерээк Turmush баслымасына Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнөн окуучу өз жанын кыйган факты орун алганын тастыктап, учурда бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Ошол күнү шаарда жалпы республикалык тестирлөө болуп, мектептерде окуу болгон эмес. Бала үйүндө болгон.

Булак: turmush.kg

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *