Депутат Жанар Акаев: Абдан ыңгайсыз абалда калдым

Айтылуу Матраимовдордун уюштурган иш-чарасына бир топ атка минерлер барганын көпчүлүк кызуу талкууга алышып, сындап жатышты. Анын арасында эл  сыйлаган депутат Жанар Акаев да бар эле. Ал өзүнүн фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй оюн айтты:

Урматтуу достор, жеке мен КараСуудагы ишчарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык ишчара уюштуруп, беш миңдей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ойу жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, cиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз. Көпчүлүк жалгыз мени катуу сынга алганынарды да түшүнүп турам, үмүттү өчүрбөгүлө! Абдан ыңгайсыз абалда калдым…”, – деп жазды Акаев.

Эл  ичинде “Раим миллион” деген ат менен таанымал Матраимовдордун үй бүлөсү атасынын элесине арнап иш чара өткөрсө жетип барган атка минерлер, Уран  казыла баштаганда жетип барбаганына таң калып деле болбойт.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *