Нариман Тюлеев эл кол чаппаганына нааразы болду

Кечөө Бишкек шаарынын 141 жылдыгында борбордук аянтта чоң концерт болуп, ага шаарыбыздын экс-мэрлери чакырылган. Экс-мэр Нариман Тюлеев сүйлөп баштаганда эч ким кол чаппай койсо ал: “Урматтуу калайык калк, экс-мэрлер сүйлөп жатканда кичине кол чаап коюп турсаңыздар боло. Анткени бул жерде ар бирөөбүз , ушул коллегаларыбыз, канча иштебедик, бир жыл иштедикпи, эки жыл иштедикпи, үч жыл иштедикпи, биз кечинде жатып жатканда ар бириңерди эстеп, эртең менен турганда да ар бириңерди эстеп, ушул Бишкектин тургундары аман-эсен автобус менен, транспорт менен үйүнө жетип алдыбы, эртең менен балдарын бала-бакчага, мектепке баратканда ушулар аман-эсен жеттиби, ошонун баарын эстеген ушул жерде турган агаларыңар, ушул жерде турган байкелериңер! Ошон үчүн ушул байкелериңер сүйлөп жатканда анча-мынча кол чаап, колдоп коюп тургулачы алтындарым!”,- деп сүйлөп бир кол чаптырып алып, анан куттуктоосун улантты.

Ошондо ал 2008-жылы мэр болуп турган кезиндеги Кытайдан алып келинген автобустарына түшкөн элди эстечү окшойбу, айтор ким билсин….. Ал үчүн ал абакка олтуруп да чыкпады беле…

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *