Кордолгон балдар. Кыйнаган турмуш. Талкаланган келечек! …

Акыркы күндөрү балдарды сабап, керек болсо өлтүрүп салган учурлар көп кездешүүдө. Буга себеп алардын ата-энелеринин чет өлкөгө мигрант болуп иштепи кетүүсү. Канчалаган жаш балдар ата-энесинин тарбиясын көрбөй, туугандарынын, чоң апа, таенелеринин колунда чоңоюуда. Өзү кичине бала болсо, ата-энесин сагынып куса болуп, жан дүйнөсү жабыркап турган кезде балалык кылып койсо аны сабап, авто унаага сүйрөтүүнүн кажети бар беле? Же жашы экиге толуп толбой, сиемди айта албай шымына сийсе, аны көк ала койдой сабап, өлтүрүүгө чейин барган адамдардын аң-сезими айбандыкынан да ашып түшкөнүн кантип танабыз. Жада калса айбан да балдарын коргойт.

         Анда-мында телефон аркылуу сүйлөшүп койгон ата-энеси алыскы жерде иштеп жүрүп, баласынын ар күн сайын энесинин жытына зар болуп, Ак кемедеги Нургазыдай атасынын келишин ашыгып күткөндүгүн алар билет болду бекен? Билген менен арга канча. Ошол балдарынын келечегин ойлоп, үй салам, машине алам, балдарды окутам деп темселеп бөтөн элде иштеп жүрүшөт. Бирок, чын-чынына келгенде баланын келечеги чоң үйдөн эмес, кымбат машинеден эмес, төрөлгөндөн баштап берилген тарбиядан көз каранды болоорун билсек гана! Балага, бала кезде эң чоң байлык ата-энесинин мээрими экенин унутпасак!

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *