Токмоктогу КПФ “Касиет” (Камвольный) фабрикасында жумушчулар суу үстүндө иштешүүдө (видео)

Токмоктогу айтылуу  КПФ “Касиет” фабрикасында жумушчулар иштеген жери абдан оор ахыбалда.

Бул фабрика көп  жылдан бери Кыргызстанда эң алдынкы жүндөн ийрилген жиптерди,  жүндөн токулган кийимдерди чыгарып, жергиликтүү калкка гана эмес,  экспортко да чыгарып  келүүдө.  Фабрикадан чыккан продукциялар Чет өлкөлөрдөгү конкурстарда сапаты боюнча алдыңкы орундарды алып келишет. Бул фабриканы көпчүлүк  адамдар “Токмоктогу камфольный” деп коюшат. Ноябрь айларында президент Сооронбай Жээнбеков да иш сапары менен Токмок шаарына барып, фабриканын  иши менен таанышкан эле.

Мына ушундай дүйнөгө белгилүү болгон фабрикада учурда жумушчулар суунун үстүндө иштешүүдө. Башкача айтканда, жумушчулар иштеген жерди суу каптап, ошонун үстүндө иштеп жаткан учурлары. Алардын айтымында президент келген маалда бул жерди жаап коюп, ага көрсөтүшкөн эмес. Суу үстүндө иштегени аз келгенсип айлык маяналары да убагында берилбей келет дешет жумушчулар. Толугу менен видеодон көрө аласыздар:

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *