Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрель түнү саат 19:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Жана ошондой эле 29-апрель күнү саат 06:23тө Кытай менен Таджикистандын чектешкен аймакта очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *