Э.Каптагаев: «Балыкчы соту коомчулуктун өкүлдөрүнүн Бишкекке чейин жөө жүрүш жасайбыз деген демилгесине тыюу салганы мыйзамсыз өкүм»

 «Балыкчы соту коомчулуктун өкүлдөрүнүн Бишкекке чейин жөө жүрүш жасайбыз деген демилгесине тыюу салыптыр, бул мыйзамсыз өкүм». Бул туурасында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жеке баракчасына жазып,төмөндөгүдөй пикирин калтырды.

«Сапар Исаковдун Өкмөтү, анын Мамлекеттик мүлк фондусу менен Жербайлыктарын пайдалануу комитети тарабынан жашыруун түрдө Кызыл-Омполдо уран кенин казууга уруксаат берүү чечими даярдалып жатканы, бул демилгени тезинен токтотуу зарылдыгын жазып чыктым эле. Өткөн мезгил ичинде жазылган маалыматты 900 дөн ашык киши өз баракчаларына которуп чыгарышты, 550 дөн ашык адам «жакты» деген белги менен оюмду колдоого алышты, 250 гө жакыны өз ойлорун жазып комментарий беришти, алардын басымдүү көпчүлүгү колдогону менен бир тобу мага тийишип, өйдө-ылдый сөздөрдү да жазып жиберишти. Эң башкысы маалымат коомчулукка жетип, эл көтөрүлүп, бүгүн Өкмөт тарабынан уран кенин иштетүү токтотулуп турат. Бирок, урматтуу мекендештер, маселе толук чечиле элек. Чалгындоо үчүн берилген лицензия убактылуу гана токтотулду, биратоло деген чечим али жок. А түгүл бийлик тарабынан түшүнүксүз кадамдар жасалып, жергиликтүү соттор мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатканы тынчсыздандырбай койбойт. Балыкчы соту коомчулуктун өкүлдөрүнүн Бишкекке чейин жөө жүрүш жасайбыз деген демилгесине тыюу салыптыр, бул мыйзамсыз өкүм. Анткени эч ким жолдун жээги менен басууга тыюу сала албайт. Анын үстүнө Балыкчынын берки четинен тарта жер дагы, жол дагы Балыкчы шаарынын аймагына кирбейт. Ошондой эле Бишкектеги митингилерге чектөө коюлуп жатат деген кабар айтылууда. Бул дагы Конституцияга карама-каршы иш, мыйзамсыз чечим. Мына ушунун баары -кандайдыр бир көмүскө процесстер жүрүп жаткан жокпу? — деген кооптонууну жаратпай койбойт. Уран маселесин аягына чейин чыгаруу, ошондой эле Ысык-Көл биосфералык аймагынын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү, аймакта толугу менен «жашыл экономика» негиздерин калыптандыруу, табийгат байлыктарын, жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоону уюштуруу максаттарында «Ысык-Көлүм — ыйык мурасым!» ураанынын алдында жарандык кыймыл уюуштурууну сунуш кылам. Сунушту колдоочулар бул жерде пикир алышып, негизги ойду топтоп алсак, анан жолугуп уюштуруу маселелерин чечүүгө болот»,-дейт Каптагаев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *