Орусияда окуган Калыйнур Калмурза уулу: Ата мекенди сагынганды Аскар Акаевден жана чет элде окуп жүргөн студенттерден эч ким талашпай эле койсун

       Акыркы учурларда чет өлкөгө чыгып билим алып жаткан студенттердин саны барган сайын көбөйүүдө. Албетте, мындай жакшы көрүнүштөрдөн улам Кыргызстаныбыздын уучу кур эмес экен, алдыда өлкөбүздүн келечегин  билимдүү жаштар түзөт тура деп сүйүнүп калабыз.  Сиздер үчүн дайыма чет жерде билим алган студенттер тууралуу жазып турууну туура көргөнбүз. Бул жолку каарманыбыз учурда Россия Федерацисында  эӊ алдынкы топ 10 университеттин катарында турган, Екатеринбург шаарындагы Орусиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федералдык университетинде (УрФУ) магистратурада «Коммуникациянын теориясы жана практикасы» багытында бюджеттик негизде билим алып жаткан Калыйнур Калмурза уулу тууралуу болмокчу.

 Эмне үчүн чет өлкөдө окууну тандадык

        Кыргызстанда бакалаврда окуп жүргөндө «Мевлана»  программасы менен  Турцияда Сакария университетинде  бир семестр окуп келдик.  Бул биздин  жашообузга  чоӊ өзгөрүү киргизди. Айылдан окууга  келген маалда  мен үчүн Бишкек чон бир мегаполис шаардай эле көрүнчү. Кесиптик лицейди бүтүп Кыргыз улуттук университетине журналистика факультетине тапшыргам. Шаарга келип,  болгон аракетибиздин баарын окууга жумшадык. Алардын акыбети кайтып университет Турцияга окууга жөнөттү. Жер көрдүк. Чыныгы мегаполис шаарларды ошондо айландык, көз караштар өзгөрдү. Бишкекке келсек, баягы чоӊ Бишкек кичинекей эле шаар болуп көрүндү. Кыскасы чет өлкөдө билим алуу —  бул келечекке болгон  олуттуу кадамдардын бири экенин ошондо түшүнгөм. Чет өлкөдө окуу  эмес, жөн гана чыгып кыдырып коюнун өзү адамдын дүйнө таанымын бир топ эле өзгөртөт.  Ал эми  билим алып калсаӊ, анда бул чоӊ  жетишкендик!  Албетте, илим алуу ийне менен кудук казгандай оор, бирок ал артынан  көп жеӊилдиктерди, мурда байкабаган  жаӊы эшиктерди ачып берет. Ошол себептен бакалаврды бүтөөрүм менен  Орусияга магистратурага тапшырдык.

УрФУ туралуу учкай маалымат.

      Учурда  Екатеринбург шаарында Орусиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федералдык университетинде (УрФУ) магистратурада «Коммуникациянын теориясы жана практикасы» багытында бюджеттик негизде билим алып жатам. УрФУ Россия Федерацисында  эӊ алдынкы топ 10 университеттин катарында турат. 2020-жылы дүйнөнүн адынкы  топ 100 университеттин катарына киребиз деген атайын стратегиялык планы бар. Азыр УрФУ  230-орунда.  Мындан тышкары  2018-2019-жылы УрФУ дүйнөдө сабак берүүнүн  сапаты боюнча 92-орунда турарын QS World University Rankings  аныктады. Мында Гарвард 3-орунда.   Демек,  илим жаатында жетишкендиктери абдан чоӊ. Мугалимдерибиз да абдан күчтүү. УрФУ деп гуглдан издесеӊиздер мага караганда көп маалымат айтып берет.

Эмне үчүн  Орусияны тандадык

   Турцияда окуп келгенден кийин ойлор өзгөрдү. Кыргызстандын билим берүү системасы, мыйзамдары, бара жаткан жолу  Орусияныкына окшош.  Эртеӊ окууну бүткөндө Кыргызстанга кызмат кылсак, Орусияда окуп келгендерге  жумушту  алып кетүү көп кыйынчылык туудурбайт. Себеби системабыз окшош. Бирок, Кыргызстан өз алдынча өлкө катары  бул системаларды сындырыш керек. Башка өлкөнүн системасы менен кеткенди токтотуп өлкө өз элине пайда алып келген жолго өтүш керек.

Кыргызстан билим берүүдө   кайсыл тармака көӊүл буруш керек

     Эӊ биринчи кезекте азыр  билим берүү тармагында эне тилиндеги окуу куралдарына көӊүл буруш керек, билим алчу ресурстарды  кыргыз тилинде жайылтуу абдан зарыл маселе. Илимий ресурстарды электрондук форматта  эне тилибизде жайылтуу толук кандуу ишке аша элек. Кыргызстан тууралуу башка тилдерде маалымат абдан көп. Бирок кыргыз тилинде аябай аз, бул биздин  интелегенция эч нерсе кылбай жатат дегенди түшүндүрбөйт. Болгону алар Кыргызстанда туруп  илимий иштерди, изилдөөлөрдү башка тилде жарыялап жатышат. Бул өкүнүчтүү. Башка тилде   илимий  макалаларды коомдун жогорку катмары түшүнүп окуганы менен карапайым элдин тиши өтпөйт. Мындай жол менен биз билим берүү тармагын эч качан көтөрө албайбыз. Биздин негизги максат калктын сабатсыз катмарына илимди жайылтып карангылыктан алып чыгуу болуш керек.  Өлкөнүн эӊ алсыз жери ушул. Билим берүү тармагы кайсыл бир өлкөнүн тилине ыктап кетсе, демек ал өлкөнү ошол тилдин ээси башкарат деген кеп. Ошол себептен Балтика өлкөлөрү, алыс кетпейли Казахстан бул жаатта олуттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатат.\

     Акыркы жылдары Кытайда, Турцияда, Орусияда бекер  окуган жаштардын саны өсүп жатат. Эл арасында жаштарды ошол өлкөлөр өз саясаты үчүн колдонуп кетет деген пикирлер бар

   Тилеке каршы илимди да акыркы учурда саясатка колдоно башташты. Илим тактыкты, чындыкты талап кылат, ал эми  саясатта тескери. Азыр геополитикада  маалыматтык согуш жүрүп жатат. Кыргызстанга кимдер кызыктар экенин жакшы билебиз. Ошол себептен алар акыркы жылдары тил саясатына басым жасоодо. Мындай пикирдин балким чындыгы бардыр. Бирок, макул алар бекер окутсун, башка кылсын  эӊ негизгиси  Кыргызстандын жаштарында  патриотизмдик  «Ата мекен» —   деген дух  жашайт. Биз чет элден алган  билимди Кыргызстан үчүн жана жалпы адамзаттын жакшы жашоосу үчүн гана жумшайбыз! Саясаттын куралы болуудан алыспыз.

Чет өлкөдө билим алуу студентке кандай артыкчылыктарды алып келет

    Эӊ алгач башка өлкөдөн жаӊы досторду тапканга жол ачат. Алар менен баарлашып эл аралык коммуникацияны кантип   курууну үйрөнөсүӊ. Бул эл аралык компанияларда иштөөгө жол ачат. Мындан тышкары илимий ишиӊди изилдеп жатып башка өлкөлөрдү да тереӊден таанып билесиӊ. Глобалдык деӊгээлде ой жүгүртүүгө өтөсүӊ. Чет өлкөдө окуу  дипломдук ишти мыкты деӊгээлде  жазууга мүмкүндүк берет. Мисалы, менин магистирдик диссертациям башта Кыргызстандын саясатчыларын изилдөөгө арналгандыктан, биздин таанымал саясатчылар тууралуу кызыктуу фактыларды таптым. Бирок анын барын публикага жарыялоонун кажети  жок. Себеби бул илимий иш, саясат эмес. Буга байланыштуу быйыл Кыргызстанда Парламенттин өзүндө да практикамды өтөп келдим. Мунун баары  келечекте жумуш берүүчүлөргө биздин потенциалды баалоого  жардам  берет.

Кыргызстандан алыста жүрүп үйдү,  мекенди сагынуу эмнеге үйрөтөт

    Ата-мекенди сагынганды экс-президент Аскар Акаев менен   чет элде  окуп жүргөн студенттерден эч ким талашпай эле койсун, бул тамаша албетте. Мекендин кадырын башка өлкөгө чыкканда  түшүнөсүӊ. Аны сөз менен жеткирүү кыйын. Кыргызстандын аэропортунда же айылдардын кире беришинде «Кош келиӊиз!» деп жазылган  сөз мурда туристер үчүн жазылгандай сезилчү. Азыр чет өлкөдөн барганыбызда биз  үчүн жазылгандай сезилет. «Кош келиӊиз!» — ушул жазууну окууганда мекеним мени өзү тосуп алгандай сезимде калам. Мекенге бара жатканда эӊ алгач ошол жазууну окууга ашыгасын.   Алыста жүрүп  үй-бүлөөӊдү, досторуӊду, айылыӊды  сагынынуу менен аларды  баалаганды да үйрөнөсүӊ.  

Чет өлкөдө окуп жүргөн студенттер  эмнеден кыйналышат

     Студент үчүн чет өлкөгө келгенде көп кыйынчылыктар болот. Бул эӊ биринчиси адаптация,  тил барерьасы, финансылык көйгөй,  улуттук-маданий жана диний табууну кармангандык ж.б.у.с. нерселер. Сүйүүгө кабылсаӊ бул да чоӊ көйгөй, тамаша, бирок мындайда болушу мүмкүн. Сүйүүнүн жарандыгы жок да.   Мына ушунун баары башта кыйынчылыктарды жаратат. Бирок көнүп кетесиӊ. Баарын убакыт өзү даарылайт. Ошол кыйынчылыкты баштан кечиргениӊ  «эӊ жакшы».  Өзүӊдүн көнүп калган маданиятыӊды, жүрүм турумуӊдү кабыл алыш оӊой,  ал эми  башка коомго аралашканда алардыкын кабыл алуу оор. Көнүп келген чөйрөӊдөн чыккандан кийин гана өзүӊдү башка бурчтан карап көрөсүӊ. Аӊ-сезимге орноп калган мурдагы принциптер салыштыруудан өзгөрөт, башкача айтканда жаӊыча ой жүгүртүүгө өтөсүӊ, адамдар менен мамиле куруунун жогорку үлгүсүн үйрөнөсүӊ.

Кыргызстандагы студенттерден айырмаланып  чет элде окуп жүргөн студенттер өзүнө кандай жоопкерчиликти алат

    Кыргызстан деген атты булгабай жаман адат болсо жашырып жакшы жагыбызды көрсөтүүгө тырышышат. Себеби, башка элдер бизди көрүп кыргыз деген ушундай эл турбайбы деп таанышат. Бул чет өлкөдөгү студенттердин эӊ негизги абийирдик милдети.

Студенттерди мекенден алыста жүрүү  эмнеге тарбиялады, билимден тышкары эмне үйрөнүшөт

    Чет өлкөдө окуу менен ата-энеден, жакын адамдардан алыстайсыӊ. Кандайдыр бир маселе жаралса өз алдынча чечим кабыл алууга туура келет. Адам үчүн эн башкысы эркиндик. Бирок студент кезде  эркиндике жетиш, өз алдынча болуш оӊой эмес. Ар бир кадамыӊды ойлонуп басып каласыӊ.  Ар бир ишти өз жоопкерчилигине аласыӊ. Бул адамды  пунктуалдуулука, толеранттуулука, эмгекчилдике, чыдамкайлыка үйрөтөт. Дагы бир мисал, балдар кийимди кантип жуушту, үтүктөштү, тамакты кантип жасашты, кандай азык-түлүк сатып алышты, акчаны кантип үнөмдөштү үйрөнөт. Анан да дүкөндөрдөгү «Скидка» —  деген жазуулар аябай жакын тааныш болуп калат. 

Финансылык жактан Орусиянын окуу жайы чет элдик студентке кандай колдоолорду көрсөтүп турат.

   Айына бюджетте окуугандарга 3500 рубль стипендия төлөнөт. Баардык сабакты 5 ке окусаӊ 5 миӊ төлөйт. Эгер бир сабактан 3 алып калсаӊ анда стипендияны толугу менен кыркып салат. Мындан тышкары бир семестрде бир жолу  10 миӊ рубльдын тегерегинде материалдык жардам алса болот. Ал үчүн сатып  алган тамак аш, кийим кечеге короткон акчаӊдын чегин университетке тапшырышыӊ  керек. Илимий иштер менен алек болсоӊ ал үчүн да атайын акы төлөнөт. Кыскасы окуган студент ачка калбайт. Бирок, «ачка калбаган студент ал студент эмес» — деген сөз кыргыз студенттеринде көнүмүш да.

 Кыргызстандык жаштар эмнеге умутулушбуз зарыл

    Кыргызстандык студенттердин уюму  бар. Мен окуган жерде Кыргызстандан азыр 106 студент окуп жатат. Бирок бул абдан аз көрсөткүч. Казахстандыктар миӊден ашат. Бизди бир маселе ойлондурат. Кыргыз жаштары окууга эмес акча тапканга абдан ашыгышат. Окууга жөндөмдүү жаштар келечеги жок убактылуу жумуштарда иштеп жүрүшөт. Орусия Кыргызстан үчүн бекер окууга эӊ көп квоталарды берет. Бирок, ошого да тапшырган жаштар аз. Окуган озот дейт. Орусияга жаштарыбыз  иштөө үчүн  эмес окуу үчүн келсе бул Кыргызстандын келечеги үчүн абдан жакшы болмок.  

 Орусияда контрак канча, бекер окууса болобу

    106 студент баардыгыбыз бюджетте окуйбуз. Контракт Кыргызстанга салыштырмалуу абдан эле кымбат.  Гуманитарияда эн арзан контракт 150 миӊ рубль. Бир кызык окуя болгон эле.  Университетте кыргыз эжелер тазалыкты карап  иштешчү. Алар кыргыз  студенттерди  көрүп «байдын балдары да» деп ойлошчу  экен. Илим алыш үчүн байдын же чоӊдун баласы болуш шарт эмес.  Билим — илимди  издегендерге буйруган. Ар бир нерсе адамдын аракетине жараша. Көпчүлүгүбүздүн  ата-энебиз айылдагы катардагы адамдар. Эч жерде иштешпейт. Дыйканчылык менен алектенишет. Аларды кыйнабай эле окуп жүрүшөт.

Студент болуп иштесе болобу, иш менен алек болгон студент окуусун алып кете алабы

    Орусиянын мыйзамында Кыргызстандык студентке иштөөгө тыюу салынат. Негизи ишти деле алып кетсе болот. Бирок, финансылык жактан олутту көйгөй болбосо студент иштебей, окуу менен гана алек болгону жакшы. Ансыз да убакыт абдан кыска. Университетке тапшырганда бакалаврда төрт жыл окуйм деп план коюшат. Бирок бул жаӊылыш ой.  Ошол төрт жылдын ичинде болгону  бир жыл төрт ай гана окушат. Эгер ошондо да  күндө окууга 12 саат убакыт бөлүшсө. Биз муну эсептеп чыктык. Бул тууралуу жергиликтүү орус студенттерге да доклад жасадык, окууга жаӊы келген кыргызстандык  студенттерге да атайын тренингдерди өтүп эскертип турабыз. 

 Эмнеге студент 4 жылда 1жыл 2 ай гана окуй алат,  кыскача түшүндүрмө

      Бир жылда 12 ай бар анын эки айын жайкы эс алууга беришет. Он ай калат. Майрамдарга 10 күн,  кышкы каникулга   20 күн ошентип 9 ай калды. Тогуз айдын ичинде кеминде 30 күн дем алыш бар. Ошентип сегиз ай калды.  Ар бир күндө 24 саат бар анын 12  саатын гана окууга жумшасын, калган 12 сааттын 8 саатын уйкуга, 1саат тамактанууга,  1саат гигиенага, 1саат спортко, 1саат көӊүл ачууга, интернетке ж.б коротсун. Ошондо сегиз айдын жартысы төрт ай окуудан тышкаркы нерселер менен алек болууга кетет. Демек окуу жылында  студент күндө 6 саат парада олтуруп андан кийин 6 саат китеп канада олтуруп 12 саатын пайдаланган күндө да ар бир күндүн жарымын кана колдоно алат. Демек 8 айдын  4 айын гана  окуу үчүн колдонот.  Ар бир жылы 4 айдан окуса төрт жылда болгону 1 жыл 2 ай гана  окуйт.  Эми ошондой тар убакытта студент иштеп кайсыл билимге жетишет. Көпчүлүгү 4 жылга ориентация  алып жүрө беришет.  Ага катар азыркы “балонский” системада мурдагыдай мугалимдер узак убакыт лекция окубайт. Студенттин өз алдынча окушуна басым жасайт. Лекторлор студенттерге  кайсыл булактардан окуш керек, ошого гана шилтеме берет.

Айылдан келген жаштардын көпчүлүгү тилден кыйналышат, менда айылдыкмын, тил үйрөнүү оор эмес

     Көпчүлүгүбүз кыргыз мектепти бүткөнбүз. Чынын айтыш керек, кыргыз мектепти бүткөндөр орус тилинен кыйналдык. Мен деле айылдык баламын. Тролейбуска деле биринчи жолу 11-классымда олтургам. Демек шаарды деле ошондо  көргөм. Шаарга келгенде орус тилди кой, эне тилимде оюмду араӊ  жеткирип берчүмүн.  Тилдерди Бишкекте жүргөндө окудук, айылдан тамагына деп салган ата-эненин тыйынына ачка калсак мейли деп англис, түрк тилдерин үйрөндүк. Алардын акчасы жетпесе күнүмдүк курулуштарда, жалданма жумуштарда жер казып, жүк ташып иштедик. Учурда эне тилимди кошкондо 5 тилде эркин сүйлөйм. Кыргыз, англис, орус, түрк, араб тилдеринде. Мында араб тилин эми өздөштүрүп жатам. Негизи тил үйрөнүү оор эмес, болгону ага күндө көнүл коюп аздан окуп, жаӊы сөз жаттап турсаӊ жетиштүү. Бир жыл токтотпой келсеӊ  жыйынтыгына өзүн да таӊ каласыӊ. Тил үйрөнүүгө ашыкча деле акылдын кереги жок. Лев Ландау айткандай: «Английский надо знать! Даже самые тупые англичане знают его неплохо».

Кыргызстандагы студенттерге  кеӊешибиз

    Кыргызстанда 6 млн. эл болсо анын 4 млн. айыл жергесинде жашайт, демек Кыргызстанда айылдык студенттердин саны да көп. Айылдык бала катары азыркы айылдан келген студенттердин  абалын абдан жакшы билем. Аларда бизге  окшоп шаарда кыйын күндөрдү баштарынан кечирип жатса керек. Жалпы эле студенттерди  айылданбы, шаарданбы  материалдык жактан колдогон адам болбосо Кыргызстанда студент болуп жашаш оор. Азыркы абалы менен мамлекет студенттерди колдой албайт. Аларга эч качан өзүӊөрдү таштабагыла дейбиз. Башкысы билимге умтулгула. Адам жасай албаган эч нерсе жок. Жараткан өзү «биз инсанга ал көтөрө алчу гана ишти жүктөйбүз» — деген. Демек адам жасай албаган эч нерсе жок. Аракет кылса адам өзүн гана эмес дүйнөнү өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Ар бир жаӊыланууну бизге окшогон эки бутту, бир баштуу адамдар жасап жатат. Ааламга жол айылдан башталат. Кыялдангыла, аракет кылгыла, эч нерседен коркпогула.

Ар бириӊиздердин кыялыӊыздар орундалсын

    Окуудан тышкары жумасына эки жолу кыргызстандык студенттер футбол ойнойбуз. Мен андан тышкары бир  жолу сууга сүзүүгө барам. Жаӊы түптөп жаткан мигранттарга арналган “Стартап” долбоорубуз бар. Азыр ошол менен алектенип жатабыз. Менин азыр эӊ негизги миссиям дипломдук ишти коргоо, буйруса быйыл бүтөбүз, эки ай калды. Мындан тышкары жакын арадан бери  «BBC Кыргыз кызматынын» сунушу  менен BBC менен  кызматташып келе жатам. Орусиядагы миграцияга байланыштуу жаӊылыктарды  жумасына бир жолу BBC радиосунан  алып чыгам. Бул менин бала кездеги кыялым болчу. Ар бириӊиздердин кыялыӊыздар орундалсын! Учурдан пайдаланып ушуга себепчи болгон адамдарга тереӊ ыраазычылыгымды билдирем!

Алдыдагы пландар, окууну бүтсөк эмне кылабыз

     Орустардан көп нерсе үйрөнсөк болот. Кыргыздын улуу инсандары,  бары ушул өлкөдөн билим алган. Азыр «Россотрудничество» прогаммасынын алкагында гранттык негизде аспирантурага тапшырып жатам, биринчи турдан  өттүк.  Эми  экинчи турду күтүп жатабыз. Буйруса экинчи турдан өтсөк Орусияда дагы 3 жыл болобуз.  Мен 2 жылда көп  нерсеге жетишпей калдым. Буйруса ошол жетишпей калган максаттарды ишке ашырып  мекенибизге  барабыз. Долбоорлорду жазып,  реализация кылуу максаттарыбыз бар. Мигранттарга Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жардам кылып,  Кыргызстанга инвестиция тартышыбыз керек. Мекенибизге  кайтып барып элибизге кызмат кылылууга ашыкпыз.Дагы да болсо көп нерсени үйрөнүү зарыл. Азырынча ушундай пландар бар, эгер өзгөрүп эле кетпесе.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

1 комментарий

  1. Kaba:

    Азаматсыз Калыйнур аке ишинизге ийгилик. Сиз менин идеалымсыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *