Депутат Абылгазиевге уран боюнча жоопкерчилик мойнунда экендигин эскертти (Видео)

Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, бүгүнкү күндө өлкөдө 5 уран калдык сактагыч бар жана алардын баары начар абалда экенин белгиледи. «Бирок 5 эмес, 25тен ашык калдык сактагыч бар деген маалыматтар бар. Кызмат бул чоң маселелерден да өйдө турабы? Өзүңүз Кочкордон болосуз, Кызыл-Омпол менен Кубакыны жакшы билесиз. Кочкорго Кызыл-Омпол менен же Кубакы менен барасыз. Оң жагын да, сол жагын да карасаңыз, ал жакта бак-дарак оңою менен өспөйт, кар да түшпөйт, чаң болуп турат. Улан шамалын жакшы билебиз, ал Боомдон башталып, анан Кочкорго барат. Уран Чүй жакка үйлөбөйт, ал Ысык-Көлдүн үстүнө үйлөйт, аркы жагынан Санташ үйлөйт. Мындай маселелерди адистер менен кеңешүү керек да. Мен миллионерлерди жана миллиардерлерди түшүнөм, алар «уран кенин иштетели» деп жатышат. Бирок биздин улуттук кызыкчылыгыбыз болушу керек да. Эгер кен боюнча долбоорго кол коюлуп калган болсо, анда ал ратификацияга келиши керек болчу. Бул маселени чечүү керек, сиз экономиканы эсептеп туруп чечесиз же эртеңки келечекти эске алып иштейсиз», — деди өкмөт башчыга депутат Мыктыбек Адылдаев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *