Канадалык ишкер желим бөтөлкөлөрдөн үй салууда (фото)

Канадалык ишкер Роберт Безо бир канча жыл мурун Бокас-дель-Торо в Панаму шаарына келип, ошол жакта калууну туура көргөн. Ал жактан ал аралдын тегерегинде желим бөтөлкөлөр толуп кетенин көрүп, эң сонун ой ойлоп тапкан. Безо желим бөтөлкөлөрдөн үй курууну туура көргөн. Бул тууралуу mail.ru сайтында жазылган.

Оюн ишке ашыруу үчүн биринчи  атайын жер сатып алып, үйлөрдү кура баштаган.

Бөтөлкөнү ал үйдүн негизги бөлүгү катары колдонуп, атайын тосмо сеткаларга салып, ага бекемдөөчү суюктукту куйган.

Сыртынан даяр үй, кадимки үйдөн айырмасы жок болуп көрүнөт. Бирок андай үйдү салган аябай арзан болот жана көп пайда алып келет.

100 квадрат метрдик үйдү салыш үчүн 14 миң желим бөтөлкө талап кылынат. Мындай үйлөр жер титирөө учурунда коркунуч туудурбайт жана ичинен салкындыкты сактап турат.

Үй салуунун технологиясын көрсөтүш үчүн, кыштакта чала бүткөн имараттар бар.

Кыштакта 40 миң бөтөлкө менен курулган төрт кабаттуу сепил көпчүлүктү кызыктырат.  Анын ичичнде коноктого ылайыкталган эки бөлмө жана падышаныкындай болгон уктоочу бөлмө, бар, ашкана, тойкана жана чогулуш үчүн короо бар.

Андан тышкары ал жакта экологиялык көйгөйлөрдү билүү менен бирге аны менен күрөшүүнүн жолун көрсөткөн түрмөнү көрүп таң калгандар көп.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *