58 жаштагы аялдын жансыз денеси суу жээгинен табылды

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району. 24-апрель күнү Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну 1961-жылы туулган Ш.Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон. КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин жалпы 31 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында  саат 15:00дө Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

 

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *