27 жыл комада жаткан аял өзүнө келди

Бириккен Араб Эмиратынын тургуну Мунира Абдула 27 жылдык комадан чыкты. 1991-жылы авто кырсык учурунда ал 4 жаштагы баласын куткаруу максатында баланы денеси менен жаап калган. Бул окуяны баласы Омар журналисттерге айтып берди. Бул тууралуу mail.ru сайтты жазып чыкты.

“Мен апамдын бир күнү комадан ойгоноорун сезгем. Эч качан үмүтүмдү үзгөн жокмун. Мен бул окуяны адамдар жакындары ушундай абалга туш болсо эч качан үмүтүн үзүшпөсүн деген максатта айтууну туура көрдүм.

Кырсык болгон учурда апам авто унаанын артында мени менен олтурган экен. Кырсык болоорун көргөндө ал менин кучактап, өз денеси менен жаап калган. Ошонун кесепетинен апам башынан катуу жаракат алып, былтыр гана Германияда ойгонду. Комада ал 27 жыл жатты”,- деди Омар.

Мунираны биринчи Лондонго, Бириккен араб Эмираттарындагы клиникаларына жаткырып даарылашкан.

2017 жылы принцтин сарайынан Муниранын үй бүлөсүнө грант берилип, аны Герменияга алып барышкан. Ал жактан Мунирага бир канча операция жасалган. Ошондон бир жыл өткөндөн кийин ал ойгонгон.

Комада жатып көп жылдан кийин ойгонгон көрүнүштөр чанда гана кездешет. Көпчүлүгү комадан чыккандан кийин майып болуп, сүйлөй албай калышат. Бирок Мунирага окшоп сүйлөп калгандар миңдин бири гана.

Ошондуктан окурман, жогоруда айтылгандай эч качан үмүтүбүздү үзбөй жашайлы! Ар бир кыйынчылыктын артында сөзсүз жаркыраган келечек турат. Ар бир эле эне баласы үчүн жанын кыйууга да даяр болот болуш керек.  Ал эми Муниранын баласын куткаруу үчүн жасаган эрдиги айтып бүткүс!

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *