Бала бакчадагы баш аламандык тууралуу мэрия түшүндүрмө берди.

Социалдык тармактарды таркап жаткан бала бакчадагы баш аламандык тууралуу мэрия түшүндүрмө берди.

Ал бала бакча “Касым” конушундагы №1 бала бакча болуп чыкты. 2008-жылы 140 балага ылайыкталып ачылган. Учурда ал жакта 290 бала тарбияланууда.

Бала бакчада 19-апрель күнү оңдоп түзөө иштери бир бөлмөдө болгондуктан, балдарды башка бөлмөдөгү балдарга кошуп уктатууга туура келген. Бул чечим балдардын ата-энелери менен кошо кабыл алынган.

Эми бакчанын жетекчиси Айнагуль Малдыбаева бул маалымат тууралуу билим берүү башкармалыгынын жетекчилигине эскертип койбогондугу үчүн катуу жаза берилет.

Негизи бул бакчада көп жылдык эмгек стажы бар педагогдор иштешет. Балдар атайын балдар үчүн түзүлгөн меню менен тамактанышат.

Муниципалитет бардык ата-энелерден кечирим суроо менен бирге келечекте мындай көрүнүш кайталанбайт деп айтышты.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *