Жанар Акаев Уран кени боюнча үн катты

Депутат Жанар Акаев Уран кени боюнча мындай оюн билдирди: “ Ысык-Көлдөгү Уран иштетүү боюнча көп адам биздин позициябызды сурап кайрылып жатышат. Албетте өлкөбүздүн экологиясы, элибиздин ден-соолугу биз үчүн акчадан дагы баалуу, манилүү. Ошондуктан мына өкмөт 30 миллион доллар табууну эч качан көздөбөш керек. 2018-жылы Кыргызстан туризм жаатында кызмат көрсөтүү экспорту өзү эле 458 миллион долларды түздү. Эгерде Уран иштетебиз десек биз элибиздин ден-соолугу, өлкөбүздүн экологиясына гана сокку эмес, бул туризм секторуна дагы абдан чоң зыяны тиет. Ошондуктан мына мыйзамда дагы жергиликтүү эл каршы болсо эч кандай кен байлык иштебеш керек. Уран иштеткенден кийин анын калган зыяндуу калдыктарды жок кылуу үчүн биз эл аралык уюмдардан жүз миллиондогон акчаларды карызга сурап атабыз, же грантка алып атабыз. Ошондуктан биз 30 миллион доллар үчүн мындай демилгелерден баш тартышыбыз керек. Мен кыргыз өкмөтүн бул демилгелерден чукул арада баш тартып, лицензияны кайра кайтарып алууну талап кылам”,- деген оюн видео аркылуу Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасына билдирди.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *