Уранды казуу, келечекке чоң коркунуч алып келээрин депутаттар да моюнга алган

Канча убакыттан бери элдин тынчын алып, азыркыга чейин  коомдо талаш-тартыш жаратып жаткан Уран кенинин канчалык зыяны бар экенин жөнөкөй эле адамга айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат. 300 дөй адамга жумуш орундары берилет, комиссия текшерди, кенди иштетүү зыян эмес деп элди алдаганы менен, анын канчалык зыян экенин айрым депутаттар да айтышкан.

4-апрелдеги  КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Аалы Карашев «Кыргызстандагы Уран кени боюнча маселени көтөрөйүн дегем. Бүгүнкү күндө элде нааразычылыктар болуп, ЖМК тарынан да айтылып атат. Ысык-Көл, Нарын областарынын тургундарынан кайрылуулар келип жатат. Уран кенин иштетип көргөнбүз. Мындан 50-60 жыл мурун жабылган бул кендер. Бирок ошонун кесепетин бүгүнкү күнгө чейин көрүп келе атабыз. Ысык-Көлдөн 20 чакырым турган Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө Геология жана жер казынасы комитети лицензия берип жатканда ойлонбойбу, кандай келечек менен беришти. Биздин сыймыгыбыз болгон көлүбүздө бул иш иштеп баштаса анда туризм жөнүндө айтып кереги жок. Боомдон кала жатканда эле радиационный фонду көргөндө эле туристтерибиз кайра кайрылып кетет ал жерден. Кичинекей ишкананы иштетебиз деп алып, келечекке балта чаап жатабыз да”,-  деп билдирген.

Мына ушундай зыян алып келээрин билип туруп мындай келишимге кол койгон бийлик адамдары эмнени ойлоду болду экен?  Бул иш боюнча президент неге үн катпайт?

 

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *