“Honda CR-V” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түшкөн

2019-жылдын 22-апрель күнү саат 03:32 чамасында Л.Толстой көчөсү менен бара жаткан “Honda CR-V” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түшүп Манас проспектисине туруп калган. Бул маалыматты КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган Р.А. (аял киши) жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *