Кичинекей Амирхандын опперациясына тез арада көп суммадагы акча керек! Кыргыз элим кайдыгер карайбайлы, жардам көрсөтөлү!!!

Акыркы күндөрү өлкөдө жүрөк оорусу, деги эле ар кандай ооруларга чалдыккан жаш балдар төрөлүүдө. Тилекке каршы андай ооруларга чет мамлекеттерде гана опперация кылса болот. Ал эми чет жактарда андай опперациялар өтө көп акчаны талап кылат. Карапайым калктын кымбат опперацияларга акчасы жетпегендиктен кайрымдуу адамдардан жардам сурап келишүүдө. Мына ошолордун бири Жайырбекова Айкерим Жайырбековнанын кызы да, уулу да жүрөк ооруларына (порок сердца) кабылышып, аларга Киевде опперация жасалган. Эми уулу Амирханга дагы өтө татаал эки  опперация жасалыш керек. Бул тууралуу Жайырбекова Айкерим төмөндөгүлөрдү айтып берип кыргыз элине кайрылуу жасады:

“Кызым жүрөк оорусуна кабылып (порок серца)  ага биринчи жолу Киевке келип ооперацияга элден  акча чогултуп кеткенбиз. Экинчи опперациясы жазда болмок. Бирок мен уулумду төрөп калып, опперация күзгө калып калды. Уулума эки ай болгондо Киевке кызымды опперация кылыш үчүн келгенбиз. Уулумду Кыргызстандан узиге  тарттырганыбызда, аныкы да татаал жүрөк оорусу экендигин айтышкан. Анан баламды да Киевке  келгенде көрсөтсөк бала кичинекей болгондуктан кийин келгиле дешкен. Кийин кайра келдик. Германиядагы фонд тарабынан бизге 9 миң евро берилген. Аны катып коюп ошол акчаны алып Киевке  келсек,  балама аралыгы он күндөн болгон эки опперация жасаш  керек деп айтышты. Мындай опперацияларды чет өлкөдө аябай кымбат жасашат экен. Ал эми Киевде ар бир опперация 8,5 миң евродон айланат. Анан дагы үчүнчүсү болот. Баламдын диагнозу “Атрезия легочной артерии 4-тип, ВПС”. Кызымды айыкты деп жүргөнбүз. Бул жака келип узиге түшүрсөк эки артериясы жакшы өөрчүбөй калыптыр дешти. Опперация менен ачып коюш керек экен. Ошентип кызым да кайра опперация болду. Акчабыздын көбү короп кетип учурда баламдын опперациясына акча жетпей кыйналуудабыз! Тез арада акча табыш керек болуп жатат. Эки баламдын айыгышын гана кудайдан тиленип келебиз.  Кайрымдуу адамдардан жардам күтөбүз!

Кичинекей Амирханга жардам көрсөтөм деген адамдар болсо

Элком 0559200910

Оптима банк 4169 6052 0808 3555

Сбербанк 5469 3800 3064 5369 өздүк эсебине акча которсоңуздар болот.

Кыргыз элим кайдыгер карабайлы, колдоо көрсөтөлү!!!

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *