1-майда Бишкекте гей-парад өткөрүлүшү мүмкүн

Интернет булактарында ЛБГТ нын мүчөлөрү 2019-жылдын 1 майында Бишкек шаарында гей-парад өткөрүү аракеттерин башташкандыгы тууралуу бүгүн пресс-конференцияда Эл аралык жаштар ассамблеясынын өкүлү Тумарбек Камалов билдирди.

Ал мындай гей-парад “Эл аралык эмгекчилер күнүн” майрамдаганы келген коомчулукту азгырат дейт.

-ЛБГТ биздин менталитетке туура келбейт жана өлкө үчүн абдан кооптуу. Биз өзүбүз 6 млн гана эли бар калкпыз. Мындан ары да ушундай боло берсе биз 6 миң гана болуп калабыз. Биз өз каада-салтыбызды сактап калышыбыз керек. Закондун негизинде ЛБГТнын үгүт иштерине тыю салышыбыз зарыл. Кыргызстанда мындай чагымдардын башында турган ӨЭУ (Өкмөттүк эмес уюмдар)да  бар. Эркектер эркектер менен, кыздар кыздар менен кучакташып башташса биз кантип өнүкмөк элек?-деди Тумарбек Камалов.

Ошондой эле Эл аралык жаштар ассамблеясынын өкүлү ИИМге, башкы прокуратурага жана ЖК спикерине 1-майда эч кандай чагымды болтурбоо үчүн көңүл бурууну суранды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *