Бектур Базакечов: “Чет өлкөгө окууга келүү менен өзүмө дүйнөнүн эшигин ачып алдым деп эсептейм”

Акыркы учурларда мекенибиздин жаштары чет өлкөгө чыгып билим алышып, мыкты тажрыйба топтошууда. Билим алып, дүйнө таанымы кең болгон жаштар өлкөбүздүн келечегине өз салымын кошсо кандай жакшы! Биздин бүгүнкү каарманыбыз Базакечов Бектур, чет жака чыгып билим алып гана тим болбостон, жер-жерлерди кыдырып, ал жактын маданияты менен таанышып, магистрдик диссертациясын ийгиликтүү аяктап турган кези. Бектур ийгиликтери жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди.

         Чет өлкөгө чыгып окууга эмне түрткү болду?

Мен, 2015-жылы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана Чөлкөм таануу факультетин бүтүргөм.

Улуттук университетте окуп жүргөн мезгилде өлкөдөн тыш жакка чыгып, билим алуу боюнча кыялдарым бар болчу. Бирок, тилекке каршы англис тилин жакшы билбегендиктен бул кыялым кыял гана боюнча калып калат окшойт деген жыйынтыкка келгем. 5-курсту бүрүп жаткан мезгилде бизден бир курс өйдө окуп, бүтүп, Түркияда билим алып жаткан байке байланышка чыгып, мени “Түркия стипендиясы” деген мамлекеттик стипендиалдык программага тапшыруумду сунуш кылып калды. Менин түрк тилин билбегеним Туркияда билим алуума тоскоолдук жаратпашын түшүндүрүп айткан соң, бул мен үчүн чоң мүмкүнчүлүлүк экендигин түшүндүм. Тез арада бардык керектүү документтеримди топтоп, аталган программага онлайн түрдө тапшырдым. Программага тапшырууда артыкчылык студенттин окуудагы сабактардан алган орточо баллына, коомдук иштерге болгон активдүүлүгүнө жана алдына койгон максаттарына көбүрөөк маани берилет экен. Бул талаптарга жооп берээримди тастыктаган документтер менде даяр эле. Окууга тандоо эки этаптан өттү. Биринчиси онлайн документтерди тапшыруу. Экинчиси болсо, Түркиянын элчилигинде маектешүү түрүндө өттү. Эки этаптан тең ийгиликтүү өтүп, Түркиянын Кожаэли деген университетинде “Саясий” тарых багытында окуу боюнча чакыруу жөнөтүштү.

2015-жылдын август айларында Парламенттик шайлоого кызуу даярык жүрүп жаткан. Мен “Ата Мекен” социялисттик партиясынын Талас облусттук конференциясында жаштардын атынан депутаттыкка көрсөтүлүп калгандыктан, “Ашууда ат алмаштырбайт” демекчи, депутаттык мандатка ээ боло албашым белгилүү болсо дагы, мага партиялаштарым тарабынан көргөзүлгөн ишенимди актап, жакшылап иштеп берейин дагы, чет өлкөгө окуудан баш тартайын деген оюмду партиябызын жетекчилеринин бири Болот Шерге айттым.

Окууга өткөндүгүм тууралуу кабарды уккан соң, “Сен окушуң керек, даярдан!” деп кыска гана жооп берди. Чет өлкөгө окууга кетүүгө даярдык көрүп жаткан учурумда алдымдан эң чоң тоскоолдук чыкты. Мен Улуттук университетте бюджеттик негизде окугандыктан, мамлекетке 2 жыл мектепке иштеп берүү милдеттенмем бар болчу. Эгерде аны аткарбасам, мага дипломумду беришмек эмес. Ошол жылы Өкмөт тарабынан бюджетте окуп, мектепке иштебестен, мамлекеттин студенттерге короткон каражаттарын кайра бюджетке төлөп берсе, дипломду алууга болот деген токтом кабыл алышкан экен. Ал токтом жөнүндө толук маалымат алып, мамлекеттин мага короткон чыгымдарын кайра кайтарып берүү тартибин министрликтен тактаган соң, ар бир жылдык контрактты эки эселеп мамлекетке төлөп, дипломумду колума алдым. Мындай көлөмдөгү каражатты төлөөгө ачыгын айтсам, мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Бул жагынан Болот Шер агам колдоо көргөзүп, анын жардамы менен бул маселени чечүүгө мүмкүн болду. Ошентип, бардык маселелер чечилген соң, сентябрь айында Түркияга билим алууга жол тарттым. Чет өлкөгө окууга бир гана кыял, каалоо же окууга өтүү жетишсиз экен. Алдыга чыккан маселелерди чечүү, туура чечим кабыл алуу жана жакындардын колдоосу дагы маанилүү экен.

Ал жактагы окуу системасы кандай жүрөт экен, деги эле студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айта кетсең?

Түркияга келген соң, 2015-2016-окуу жылында университетте бир гана түрк тилин үйрөндүм.

Экинчи жылы факультетимдеги окуум башталды. Үчүнчү жылы болсо магистрдик диссертациямды жазып баштадым. Диссертация жазуу жылында эки жолу операция болгондугума байланыштуу жазуу ишине көбүрөөк көңүлүм бурулбай калды. Ошондуктан окууну дагы бир аз узартууга туура келди. Бирок жыйынтыгында магистрдик диссертациямды ийгиликтүү жактап, окуумду бүтүрүп алдым.

Эгерде студенттерге түзүлгөн шарттар туурасында сөз кыла турган болсок, Түркиядагы окуу үчүн түзүлгөн шарттар, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жокко эсе деп баса белгилейт элем. Биз “Түркия стипендиясы” программасы менен келгендиктен, бизге түзүлгөн шарттар түрк студенттери дагы кызыгаарлык шарттар. Биздин окуу толук гранттык болуп саналат. Программа тарабынан окууга келе жатканда жана кетип жатканда учак билеттери менен камсыздашат. Түрк тилин билбей келгендерге, бир жыл бекер түрк тилин окутушат. Окуубуз жана жатаканабыз толук бойдон бекер.

Жатаканада белгиленген  өлчөмдөгү суммада бекер таңкы жана кечки тамак бекер берилет. “Түркия стипендиясы” менен келген студенттерге биз окуган Кожаэлиде муниципалдык транспортторго бекер жүрүүгө мүмкүн. Мындан тышкары ай сайын белгилүү бир өлчөмдө стипендия каралган. Эч нерседен кам санабай окууга болот. Жалпы студенттерге түзүлгөн шарттардан чоң китепкана, жогорку ылдамдыктагы бекер wifi, студенттер үчүн ашкана, спорттук комплекстер жана оорукана дагы бар.

Өзгөчө китепканасы жана ашканасы тууралуу белгилеп кетким келет. Түркияда көпчүлүк университеттерде китепканалар 7 күндө 24 саат бою кызмат көрсөтөт. Ал эми биздин университетибизде модуль жана сессия жакындагандан баштап күнү-түнү ачык. Чындыгында бул өтө ынгайлуу шарт студенттер үчүн.

Ал эми университеттин ашканасындагы тамактардын баасы өз баасынан дагы аябай төмөн баада сатылат. Түшкү тамак же кечки тамактын баасы 2,5 лира турат, бул болсо биздин сом менен 31 сомду түзөт.

Мен магистратурада окугандыктан, өзүм окуган багыт боюнча айтайын. Түркияда мамлекеттик окуу жайлардын дээрлик баары бекер болуп саналат. Бирок, кээ бир мамлекеттик университеттерде семестр үчүн (бир семестрга — 5300 сом) аз өлчөмдөгү төлөнүүчү төлөмү бар. Абитуриенттер биздеги “Жалпы республикалык тестирлөө” сыяктуу сынак тапшырышат. Анын жыйынтыгы менен окууга өтүшөт. Магистратурага эки этап менен кабыл алышат.  Биринчиси тест, экинчиси студент тандаган университетте мугалимдерден түзүлгөн комиссиянын маектешүү сынагы. Мындай сынактар магистратурага билимдүү студенттерди тандап алууга шарт түзөт экен. Окуу — лекция жана тапшырмалардан турат. Мугалим азыраак айтып берип, көбүрөөк студенттин өз алдынча иштөөсүн каалайт. Өз алдынча белгилүү бир темаларда макалаларды жана тапшырмаларды жазууга басым жасашат. Бир группада 10го жетпеген гана студент окугандыктан, мугалимдин ар бир студентке жетиштүү деңгээлде көнүл бөлүүгө убактысы болот. Модуль жана сессия учурунда биздин университеттердегидей суйлөшүү деген мүмкүн эмес. Түрк студенттеринде окуудагы коррупция деген түшүнүк такыр жок. Бир сабактан өтүүгө жетиштүү баллың болбосо, аны кийинки жылы башка сабактарга кошумча кылып окуй берсең болот. Экзамендерде көзөмөл аябай катуу, көчүрүп жатканыңды көрүп калса, экзаменден чыгарып, сабагыңдан өтпөй каласың. Эгер студенттин көчүргөнү тастыкталса окуудан бир семетрге четтетилет. Студенттер көбүнчө окууда өздөрүнүн гана билимине ишенип, окушат экен.

Турциянын маданияты, салттарынын биздикине окшош жана айырмачылык жактары бар бекен?

Салт, маданият жагынан эч кандай кыйынчылык болгон жок. Меймандостук жагынан бизге окшош. Түрк тилдүү мамлекеттерден келген студенттерге болгон сый-урматы аябай жогору деңгээлде. Кыргыздарды бир тууганыбыз, Орто Азияны ата журтубуз деп жакшы мамиле жасашат экен. Түркияда динге аябай чоң маани беришет. Кыргызстанда расмий майрамдалчу жана расмий эмес майрамдалчу майрамдардын көпчүлүгү белгиленбейт. Анын ордуна, диний майрамдар жана мамлекеттин курулушуна тиешелүү майрамдарга олуттуу көңүл бурулат. Мен окуган 4 жылга жакын аралыкта, Жаңы жыл майрамын такыр эле белгилеген жокпуз. Мындан тышкары Нооруз майрамы түрктөрдө дагы бар болсо да, биз сыяктуу майрамдашпайт.

Сен ал жактан өзүң үчүн окуудан тышкары дагы эмне ала алдың?

Мен Түркияга окууга келүү менен өзүмө дүйнөнүн эшигин ачып алдым деп эсептейм. Дүйнө биз ойлогондон дагы кең жана кызыктуу. Окуу менен биргеликте Түркиянын Стамбул, Измир, Чанаккале, Бурса, Анталья, Каппадокия, Сакарья жана Анкара сыяктуу шаарлардын тарыхый жайларына саякаттадым.

Мындан тышкары Тбилиси жана Европанын Париж, Брюссель, Ганновер, Берлин, Потсдам жана Амстердам шаарларына барып келдим.

Окуум тарыхка байланыштуу болгондуктан мындай саякаттоо мен үчүн чоң тажрыйба болду.

Китептен окуу башка, бирок окуп алып, ал тарыхты өз көзүң менен көрүү, болуп өткөн тарыхый окуялардын жайын көрүүнүн таасири башкача болот.

Дал ушул секундда өмүрүңдү “паузага” коюп, аркаңа бир кылчайып карасаң, жашоонун маанилүү учурлары катары саякаттардан калтырган жагымдуу ирмемдер, таасирлер биринчи ойго келет. Мындан тышкары билимге умтулган көптөгөн тааныштарды жана досторду таптым. Алардан өзүмө керектүү жакшы сапаттарды үйрөндүм.

  1. Алдыга койгон максаттарың?

Негизи алдыга бир планды койгондо аны жарыялоого жаткан жана жатпаган пландар болот экен. Эгерде адам бардык алдына койгон пландарын жарыялай берсе, адамдын мээси ал планды аткарылган иш катары кабыл алып, андан ары ал пландын үстүндө иштөөсү, өнүктүрүүсү оор болуп калат экен. Мен мурда бардыгын айтып, бөлүшкөндү жактырчумун. Бирок акыркы жылдары өзүмдүн жасай турган иштеримди ишке ашмайынча, жарыялабоого тарбиялап, ошого көнүп келе жатам. Жалпылап айтсам, көпчүлүк чет өлкөдө окуган студенттердин стандарттуу ой-максаттарына окшош. Биринчи кезекте өлкөмө кайтуу, алган билимим менен коомго пайдалуу бир тармакта эмгектенүү. Үй бүлө куруу, балалуу болуу, там салуу жана тал тигүү.

Мына ушундай Бектурга окшогон жаштарыбыз жаш муундардын терең билим алышына стимул болот деген ишенимдебиз!

Маектешкен: Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

1 комментарий

  1. Нурлан:

    Ийгилик каалайм Сыймыктанчу агабыз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *