Аты чуулуу экс-депутат дагы сынга кабылды — фото

Казакстандык модель, экс-депутат Динагүл Тасова Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгында төшүп көрсөткөн кийим кийип чыгып, дагы сынга кабылды. Мында Грузин дизайнери Кети Чхиквадзенин коллекциясын көрүүчүлөргө көрсөтүү учурунда казакстандык сулуу дагы да ачык-чачык көйнөк кийип чыккан. Кара точкалары бар жашыл түстүү узун көйнөктү модель ич кийимсиз кийген. Ал эми Тасова подиумда биринчи жолу төшүн көргөзүп отурган жок. Буга чейин да мода көргөзмөдөгү образы социалдык колдонуучуларын чуу кылган. Ошол кезде көптөгөн казакстандык төшүн көргөзүп чыккан моделди катуу сынга алган болчу.

Арадан бир аз убакыт өткөн соң, Динагүл Тасова өздүк баракчасына сүрөтүн жүктөп, мода көргөзмөсүнө ачык кийинип чыкканы үчүн сабалганын айтып чыккан болчу. Динагүл Тасова Арменияда өткөн «КМШ топ модели — 2018» сынагына катышкандан кийин белгилүү болгон. Бул конкурста таажы тагынбаганы менен «Медиамодель» наамын алган

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *