Төө кыядан өткөн соң, ээ дегениң курусун

“Төө кыядан өткөн соң, ээ дегениң курусун”,-деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Дегеним, өткөн шайлоодо ала-шала түшүп, башчыбыз баш болуп, калганыбыз төш болуп “Татыктууларды шайлайлы”! деген ураанды көтөрүп, 120 “мыкты” уулдарыбызды ЖК нын төрүнө отургузуп, “эки тизгин бир чылбырды” колуна берип, ал эми башкара бергиле деген зор үмүт менен турмушубуздун оңолушун, адилеттиктин орношун, “күн карама” саясаттын токтошун күтүп калдык. Анан эмне болду? Анан үмүт-тилегибизди таш каап, шайланган азаматтарыбыздан көңүл кайыл  болуп “кап” деп санды чаап, башкача айтканда жогорудагы макалдагыдай абалга туш болдук.

Өзүбүз шайлап алган депутаттарыбыздын анык жүзү убакыт өткөн сайын айкын көрүнө баштадыбы дейм. Муну далилдеш үчүн алыс барбай эле ЖК нын эки өкмөткө карата кылган мамилесин мисалга тартсак болот.

Мурдагы премьер-министр С. Исаковдун өкмөтүнүн бир жылдык отчетун коалициялык көпчүлүк “канааттандыраарлык” деп атап, көп добуш менен колдоп берип, эртеси кимдир бирөөлөрдүн тапшырмасы мененби, айтор ай-күнгө жетпей ошол көпчүлүк “жерден алып көргө, көрдөн алып жерге” салып отставкага кетиришкен. Мунун тескерисинче азыркы М.Абылгазиевдин жетектеген өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине ЖК тарабынан кескин сындар айтылып, өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө сөздөр жүрө баштаган. Бирок президенттин ЖК га кайрылып сүйлөгөн сөзүнөн кийин ошол эле депутаттар, ошол эле өкмөттүн ишин “канааттандыраарлык” деп  табышы алардын анык жүзүн айгинелеп тургансыйт.

Мына ушундан улам үмүттү келечектеги 2010-жылда болуучу шайлоого артып, шайлоого катышуучу партиялардын бүгүнкү күндөгү саясий абалына саресеп салууга аргасыз болот экенсиң.

Алгач бүгүнкү парламентте отурган 6 партия жөнүндөгү маселеге токтолуп көрөлү.

КСДП партиясы бүгүнкү күндө кризистик оор абалда. Партиянын катарын бөлүп-жаруу анын лидеринин саясий беделин түшүрүүгө болгон аракеттер күчтүү жүрүп жаткан кез. Жогорку Кеңеште КСДП аркылуу келип отурган депутаттардын көпчүлүгү жомоктогу “Солго кетсең атың өлөт, оңго кетсең өзүн өлөсүң”-деген таштагы жазуусу бар эки айрылыш жолго туш болгон жолоочу сыңары абалга туш келди. Эгер жогорудагы аракеттеги күчтөр максаттарына жетсе, кийинки шайлоодо ийгиликке жетишээри суроо жаратат. Бирок ошол эле учурда жогорудагы аракеттердин өзү, тескерисинче, КСДПга өз катарына келип калган бөтөн “эчкилерден” тазаланып, чыныгы пикирлештердин партиясына айланышына да көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

“Республика-Ата-Журт” партиясы тандеми өз биримдигин сактай алышса, ийгиликке жетүүсү күмөн туудурбайт. Бул жөнүндө Ө. Бабановдун берген интервьюсундагы “ К.Ташиев менен болгон тандем өз күчүндө”,- деген билдирүүсү көп нерседен кабар бергенсийт. Анын үстүнө А. Жээнбековдун А.Келдибековго жолдогон “Ташы эмне үчүн Бабановго кошулуп кетти” таризиндеги сөзү да бекемдеп тургансыйт. Мындан сырткары бул тандемге К.Исаев “Кыргызстан” партиясы менен кошулуп кетиши мүмкүн.

Ал эми “Ата-Мекен” партиясы өз саясий беделинин төмөндөө абалында. Буга партиянын мүчөлөрүнүн морадерлук боюнча жоопко тартылышы, партиянын негиздөөчүсү Ө. Текебаевдин коррупция боюнча айыпталып, абакка жатышы сыяктуу себеп болду. Кийинки шайлоодо бул партия “Ар Намыс” коммунисттер партиясы сыяктуу абалда калышы  мүмкүн.

Ал эми “Өнүгүү Прогресс” партиясы өз ишмердүүлүгүн айыл-чарбасын колдоо максатында жер-жерлерде МТС ти ачуу менен баштап, элект калкынын колдоосуна ээ боло баштаган. Ошонун натыйжасында көптөгөн партиялардан озуп, парламентке келген. Бирок партиянын лидери Б.Төрөбаев 2017-жылдагы президенттик шайлоого катыша коем деп өзүнүн саясий кадыр-баркын бир кыйла төмөндөтүп алды. Анын үстүнө партиянын шайлоо алдында берген убадаларынын көпчүлүгү аткарылбай калды деген да сөздөр айтылууда.

“Бир бол” партиясы шайлоо болоор алдында гана түзүлгөнүнө карабастан парламенттен орун алды. Бирок партия жаңы гана түзүлдү дегени менен ал партия аркылуу парламентке келген депутаттардын көпчүлүк жүздөрү тааныш. Орустар айтмакчы “Ба, все знакомые лица”. Ошондуктан бул партияны “чөнтөктөрү калыңдардын” партиясы деген кеп бар.

Булардан тышкары “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын дымактары күч.

Биздин оюбузча келерки шайлоодо жеке партиялардын ийгиликке жетиши оор болот. Бул шайлоо тандемдердин, блоктордун, биримдиктердин ортосундагы күрөш катары өтүшү мүмкүн.

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *