Чукул кабар. Ош базарда соодагерлер көтөрүлүшүп, катуу жаңжал болууда

Буга чейин баарыбыз билгендей эле Берекет базарынын аркасындагы контейнерлерди эл иштетип жүргөн. Анын жанында жаңы соода борбору  салынып бүтсө, сырттагы контейнерде иштегендер ошол соода борборунун ичинен орун алышмак экен. Бирок биринчиден  ал соода борборунун ичине сырттагы соодагерлер батпайт, экинчиден элдин айтымында соода борборунун ичиндеги орундар буга чейин сатылып кеткен. Анысы аз келгенсип сырттан жаңы эле орун сатып алгандардыкын жетекчилик  жокко чыгарып, соода борборунун ичинен кайра жаңы орун сатып аласыңар деп жатышыптыр. Эми элди киргизбей дарбазасына кулпу салып коюшкан. Эл болбой киребиз деп жатат. Электр энергиясын да өчүрүп салышкан. Ал жакта көбү дүң соода менен алектенет. Муздаткычтар аларга аябай керек. Эгер электр энериясы жок болсо канчалаган товарлары жараксыз болуп калат. Эми соодагерлер орундарына жатып алып таң аткыча кайтарабыз дешет. Кетсек эртең кайра киргизбей убара кылышат деп.

Sokol.media

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *