Шумкар тууралуу маалымат

Мүнүшкөрлүктө

Биология сөздүгүндө шумкарлар өз алдынча урук болуп берилип, ителги шумкар уругуна кирсе, кыргыз мүнүшкөрлүгүндө адатта шумкар ителгинин ичинен чыккан кыраан куш катары берилет. Мисалы,

«Шумкар ителгинин уругуна кирет. Анын мыктылары майда илбесинден тартып, тоодакка чейин алат. Шумкар белгиси жок ителгилердин кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Шумкар кооздугу менен айырмаланат, өңү ар түрдүү алууболот: кара шумкар, ак шумкар, көк шумкар, күйкө шумкар, дагы ушу сыяктуу.»[2]

Канаттуулардын түрүн мыкты ажырата билген мүнүшкөрлөр алгыр куштарды учуп баратканда деле тааный билишет. Ителги уругундагы канаттуулардын бардыгынын (ылаачынжагалмайтурумтайкүйкө) канат-куйруктары учуп баратканда учтуу келип, жайыла жазылбайт. Алар көбүнчө сызып учпай, канаттарын кагып учат. Конгон ордунан көтөрүлгөнчө ыкшоо келет. Көтөрүлүп узагандан кийин башка канаттууларга жеткирбейт.

Кыргыз адабиятында

Манас жана башка кыргыз элдик эпостордо шумкар баш баатырлар салган алгыр куштары. Шумкар — эр жүрөктүүлүктүн синоними катары колдонулуп, баатырлар жоо менен салгылашканда шумкардай тийе тургандыгы айтылат.

Манастын Ак Шумкары өзүнчө каарман катары сүрөттөлөт. Ал Манас өлгөндө алтын боосун тытып айды карай учуп кетет. Кийин Семетей Таласка кайрылып келгенде Семетейдин кушу болуп калат. Айчүрөк Семетейди өзүнө үйлөндүрүү амалы катары Семетейдин Ак-Шумкарын уурдап кетет. Шумкарын издеген Семетей эки чоросу менен келип Айчүрөктү камап жатышкан Толтой менен Чынкожону жеңип Айчүрөккө үйлөнөт.

 

Булак: ky.wikipedia.org

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *