Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат Кандай кырдаал болсо да, элим деген шер калат

2010-жылы Апрель революциясы болгон күндүн эртеси 8-апрелде таң эрте туруп, жумуштарым менен үйдөн чыгып автобуска түштүм. Жанымда орус улутундагы карыган апа олтуруп баратты. Автобус Ала-Тоо аянтты жактан өтүп бара жатканда ал мага мындай деп калды. “Жаш кезимде заводто иштечүмүн. Ал кезде байлык бийликке жетем дегендер аз эле. Элдин көбү бирдей жашачу. Бир күнү заводко адаттагыдай эле ишке келдим. Келсем заводтун ичи жуулбаган, кир экен. Көрсө тазалоочу аял (уборщица) ооруп калыптыр. Эч кимге байкалбаган ал аялдын жогу мына ошол күнү баарыбызга байкалды. Кадимкидей тазалык жок. Ал эми ал жактын директору бир күн жок болобу, эки күн жок болобу, бизге билинчү эмес. А тазалоочу аялдын жоктугу бир күндө эле билинди. Анын сыңарындай кечөө эл көтөрүлдү, президент качып кетти. А бүгүн болсо ар ким өз иши менен жашоосун улантууда. Президенттин жоктугу эч кимге деле билинген жок. Кандай кырдаал болбосун эл да, элим деген адамды жоктойт кызым”,- деп сөзүн токтотту.

Чынында эле биздин эл эмнелерди гана башынан өткөргөн жок. Канча жылдан бери эле эл үчүн иштеген президентти, депутаттарды талап кылып келишет. Ал үчүн революция да жасашат, канча кан төгүлдү. Эртеси кайра эле ошол көрүнүш. Эл өз оокатын кылмай, бийликке келгендер тоюшунча жемей. Албетте баары жаман деп айтуу да туура эмес. Аз да болсо өнүгүү жолуна түшүдөбүз дечи. Бирок чын-чынына келгенде чын жүрөгү менен эл үчүн кызмат кылам дегендердин саны көбөйбөй эле азайып барат….

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *