Лайфхак деген сөздүн мааниси

Лайфхак (англис тилинен лайфхакинг. life hacking)- түшүндүрмөсү “жашоодогу амалдар”, “пайдалуу кеңештер” деген маанини билдирет. Ар кандай амалдардын негизинде жөнөкөй эле пайдаланган же пайдаланылбай калган буюмдардан керектүү нерселерди жасоого жардам берет.

2004-жылы британдык журналист Денни О Брайен life (“жашоо”) жана hack (“бузулган”) деген эки сөздү бириктиргенинин негизинде “Лайфхакинг” деген термин келип чыккан.

Лайфхакингтин ыкмалары жана куралдары болуп:

  1. Табышкерлик
  2. Эске тутуунун жолдору
  3. Эске тутуу картасы
  4. Убакытты башкаруу
  5. Коопсуздукту камсыздоо
  6. Ар кандай пайдалуу кеңештер
  7. Ар тармактуу болуу

Мына ушундай ыкмалардын негизинде адам баласы өзүнүн жашоосуна керектүү нерселерди колдонсо болот. Негизи бул термин заманбап жашоодо акыркы күндөрү көп колдонулуп келүүдө. Бирок эгер эсиңерде болсо, биздин өлкөдө буга чейин мындай нерсени “пайдалуу кеңештер” деп атап, ал тууралуу китептер да жарык көргөн. Эмнеси болсо да мындай кеңештер адам баласынын жашоосуна абдан жакшы таасирин тийгизет деген ишенимдебиз!

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *