Германиядагы байпактардан жасалган гирляндалар. Дүйнөдөгү кызыктуу салттар тууралуу маалыматтар

Дүйнөдө ар бир өлкө ар башка маданияты менен адамды кызыктырып келет эмеспи. Арасында ары таң калыштуу, ары кызыктуу салттары, майрамдары менен коштолуп келген өлкөлөр да аз эмес. Мына ошондой кызыктар тууралуу adme.ru сайтында төмөногүлөр жазылган.

Испаниядагы Томатина фестивалы

Август айынын акыркы жумасында Испаниянын Буньол шаарында мызыка,бий, фейерверктердин коштоосунда Томатина (La Tomatina) фестивалы өтөт. Эң кызыктуусу бул фестивалга катышуу үчүн ар кандай өлкөлөрдөн адамдар келишет.Саат 11:00 атайын белги берилип, жүк ташуучу унааларга толтурулган помидорлор алынып келинет. Катышуучулар помидорлорду алып бири-бирине чабышышат. Мына ушундай жол менен испандыктар жайды узатышат.

Индонезидагы тиш кесүү салты

Балиде бул салт аябай эле белгилүү. 18 жашка чыккан ар бир өспүрүм бул ритуалдан сөзсүз өтүш керек болот. Ритуал чиркөөдө болуп, ал жактын кызматкери тарабынан алардын курч тиштери өгөөлөнүп, тиштин чаңдарын атаайын үй бүлөлүк  чиркөөгө көмүп коюшат. Эгерде курч тиштерди өгөөлөбөсө, адамды шайтандар аралап жана ал өлгөндөн кийин тиги дүйнөгө кете албай калышы мүмкүн деп ишенишет Балиликтер.

АКШ и Канададагы суур күнү

Көпчүлүгү  эле «Суур күнү» аттуу кинону көрүп, бирок анын түшүндүрмөсүн анчейин биле беришпесе керек. 2-февраль күнү АКШ жана Канадалык жашоочулар суурдун ийининен чыгышын байкап олтурганы келишет. Алардын айтымында эгерде күн бүркөк болуп, суур өзүнүн көлөкөсүн көрбөй ийинин таштап кетсе, анда кыш жакында бүтөт. А эгер күн ачык болуп суур көлөкөсүн көрүп, корксо, анда дагы 6 жумадай кыш болот деп болжолдошот.

Германиядагы байпактардан жасалган гирляндалар

Германияда 25 жашка чыгып өз түгөйүн таба элек адамга анын жакын достору үйүнө келишип байпактардан гирлянда жасап илишет. Ар бир байпак сайын ал адам алкоголь ичимдиктерин ичиш керек болот.Эреже боюнча достору колдон келишинче көбүрөөк байпак илгенге аракет жасашат.

Дания

Бул өлкөдө да 25 жашка келип, түгөйүн таба электерди башынан бутуна чейин  корица чачып чыгышат.

Испанияда жаңы төрөлгөн баланын үстүнөн секиришет

Бул салтта шайтан кийимин кийген эркектер  матраста жаткан баланын үстүнөн секиришет. Мындай ритуал баланы жин-шайтандан сактайт дешет алар.

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *