Өзүңдүн кандай окуучу экениңди аныктап ал! Мектеп окуучусуна керектүү пайдалуу кеңештер.

Кантип  отличник  боло аласыӊ?

Жетишип окуу жеӊилби же жаӊы өтүлгөн сабакты өздөштүрүү кыйынга туруп жатабы? Эгер сен жалаӊ бешке окуп отличник болууну каалап – аны сен жете албаган максатым десеӊ, анда жаӊылышасыӊ. Сабактардан жакшы бааларды алуу үчүн феноменалдык жөндөмдүүлүктөрдүн деле зарылчылыгы  жок, болгону, аракет жана каалоо гана керек.

Албетте, күндөлүктө бештер гана туруу үчүн, аябай эле аракет кылып, китепте эмне жазылса баарын жаттап чыгуу талап кылынбайт, болгону, төмөндөгүдөй  кеӊештерди аткарсаӊ, ага аз  убакыт жана  кичине эле күч кетет.

1.Сен кандай окуучусуӊ? Ортобу же зээндүүбү?

Зээндүү. Албетте, жөндөмдүү жана акылдуу окуучу. Сабактарда отуруп, зеригип да кетет, эгер кимдир бирөө өзүнүн түшүнбөй калганын айтса, «Муну кантип түшүнбөйсүӊ? Бул эӊ эле оӊой да!» деп таӊ калганын жашырбайт. Текшерүү иштерин  биринчи бүтүрөт.  Бирок, чын эле ал баарын жакшы билеби, ал белгисиз. Себеби, андан эч ким жардам сурагысы келбейт, антсе эле, ага келече  болгону турат.

Орто. Аны  отличник деп да, жаман окуйт деп да айта албайсыӊ. Күндөлүктө  төртү, үчү аралаш. Беш менен эки кээде кошулат. Алдыӊкы партага да, арткы партага да отурбай, ортолой келип отурат. Мугалимдерге  кубаныч да тартуулабайт, кыйынчылык да келтирбейт. Анын атын айрым мугалимдер унутуп да калышат.

Эч кандай демилге да көтөрүп  көргөн эмес, ошол эле убакта эч нерсеге каршы да болбойт. «Ооба» же «Жок» деп айтпайт, «балким», «ошондой болушу мүмкүн» дегенди жактырат. Дайыма көпчүлүк жагында болууну каалайт.

 

Жоош-момун. Капалуу жана багыныӊкы. Сабакты түшүнбөсүн алдын-ала эле билип турат. Сабак окуунун ордуна, тагдырына таарынып отура берет. Эгер андай окуучуну кимдир бирөө келип шыктандырса, анын көӊүлү көтөрүлүп, жакшы окуй баштамак, бирок, эч ким аны менен жакындашкысы келбейт.

 

Өзүмчүл. Ал өзүнүн көптөгөн жакшы буюмдарын көрсөтүп мактанганды жакшы көрөт, бирок эч кимге  аларды бергиси келбейт. Эгер парталашынын ручкасы жазбай калса, ошол эле убакта жанында төрт ручкасы бар болсо да, ага бирин берип койгонго жарабайт. Баалары – дайыма жакшы жана эӊ жакшы. Бирок, бирөөлөргө көчүргөнгө дептерин ыраа көрбөйт  жана бирөө суроого жооп бере албай жатса, ага жардам бергендин ордуна кол көтөрүп, мугалимге туура жообун айтканга шашат. Бул – анын сабакты жакшы билерин көргөзгүсү келгени.  Бирок, өзүмчүлдөрдү класстагылар анча жакшы көрүшпөйт, аларды сараӊ жана кыянатчыл деп билишет.

________________________________________

Эми, сен окуучулардын кайсы түрүнө кирээриӊди билип алган соӊ, окууга болгон мамилеӊди кантип өзгөртүү керек экениӊди да аныктай аласыӊ. Бир гана окууга эмес, классташтарыӊ менен болгон мамилеге да көӊүл бурушуӊ керек.

*Эгер өзүмчүл же зээндүү болсоӊ, сабакка гана көӊүл бура бербей, артта калган классташтарыӊа жардам берсеӊ, алардын урматтоосуна ээ болосуӊ.

*Эгер, орто окусаӊ, бардыгына окшош болуп жүрө бербей, өз алдынча болууга умтулсаӊ, классташтарыӊ сага кызыгуу жана суктануу менен карашат. Мугалимдер сенин атыӊды унутпасын десеӊ, суроо берүүдөн коркпо, мындай болгондо, күндөлүгүӊдө бештер көбөйөт.

*Акырында, жоош-момун болуп момпоюп, үшкүрүп отура бербей, өз күчүӊө ишен. 2Х2=4 экенин билесиӊби, демек,  калганын да түшүнөсүӊ. Бир  азыраак эле аракет кылсаӊ – көп жакшы нерселерге жетишесиӊ.

  1. Эмне үчүн сен сабак окугуӊ келбейт?

Балким бул маселенин сага тиешеси жоктур – сен отличниксиӊ да, окулбаган сабактар тууралуу ойлордон коркосуӊ.

А эгер, баары бир  аткарылбаган үй тапшырмалары  болуп калса, анда сага эмнелер жолтоо болуп жатканы тууралуу ойлонгунуӊ.

Ошентип, сен сабакты төмөнкү себептерден улам аткарбайсыӊ:

— анткени, сага көӊүлсүз көрүнөт;

— анткени, сен башка нерселерге алаксып, колуӊ тийбейт (ийримдерге, студияларга барып, спорт менен машыгасыӊ же кол өнөрчүлүккө кызыгасыӊ);

— анткени, сен жалкоосуӊ;

— анткени, сен өзүӊдөн эч нерсе чыкпасын билесиӊ;

— анткени, сен окуудан артта калгансыӊ;

— анткени, сага эч ким жардам бербейт жана үй тапшырмаӊды эч ким текшербейт;

— анткени, сенин үй шартыӊ начар.

Ушулардын кайсынысы сага туура келсе, алдын сызып койгула.

Эми, сабак окубагандын бул себептери кечиримдүүбү, жокпу, карап көрөлү.

*Эгер сага көӊүлсүз болсо же сабакка даярдангыӊ келбесе, актанууга болбойт. Кичинекей балдар гана «каалайм-каалабайм» деген принцип менен жашайт, а сен балдар бакчасында эмессиӊ да! Дайыма эле эки ала берүү да анчалык жагымдуу эмес, андан көрө күндөлүгүӊдү көтөрүп алып, бештериӊ менен мактанганыӊ жакшы эмеспи.

*Эгер окууга кол шилтеп, өзүӊдөн эч нерсе чыкпайт деп койсоӊ – сенин жалкоолугуӊдун белгиси. Бирок, сен эч кимден кем эмессиӊ, кичине-кичине аракет кылып койсоӊ эле, сөзсүз ийгиликке жетишесиӊ.

*Эгер окуудан артта  калып же үйдө жакшы шарт болбосо, классташыӊдан же мугалимден жардам сура. А балким сени эч ким текшерип турбагандыктан окубассыӊ. Бирок, сен эми чоӊойдуӊ да, апаӊ же чоӊ апаӊ үчүн эмес, өзүӊ үчүн окуп жатканыӊды  түшүнгүн.

*Эгер күндөлүгүӊдө экилердин пайда болушу – убакыттын жетишпегенинен улам болуп жатса, убакытты туура бөлүштүрүүнү үйрөнгүн.  А балким, ар кандай ийримдерге катышып, спортко көп убакытыӊ кетип жаткандыр. Андай болсо, жакшылап ойлонуп көр да, бир жагын танда, бирок, окууӊду биринчи орунга кой.

  1. Убакыттан уттурба!

Убакыт – байкалбаганы менен өтө тез өтүп кетчү кубулуш. Муну окуучулардын баары эле билет.  Андыктан, сабакты окубай калганда да: «Yлгүрө албай калдым…» деп мойнуна алгандар көп.

…Окуучу  мектептен келип, тамактанып алган соӊ, сабак  даярдоого олтурду. Китепти ачып… кайра жапты: «Эӊ оӊой тапшырма турбайбы, муну беш мүнөттө эле даярдап коём. Андан көрө, бир аз ойноп алайын».

Көчөдөн келген соӊ, кайрадан китепти ачат… «Ой, саат алты болуп калган тура, кызыктуу телеберүүлөр бар да! Азыр көрүп алып, анан деле даярдайм. Тапшырма оӊой эле го».

Андан кийин кечки тамакка отурушат. Саат сегизден өтүп баратат…жакшы көргөн сериалдар башталды…компьютердеги оюндар, смс сүйлөшүүлөр менен отуруп, саат түнкү он бирге таяп калганын көрдү. Уйкусу да келип калганын кара. «Мейли, эртеӊ менен эртерээк туруп карай коём…».

Бирок, таӊкы таттуу уйкудан баш көтөрүү да оӊой  эмес. Ошентип, сабакка даярданбай мектепке келет. Үй тапшырмасын сураган мугалимине башын шылкыйтып: «Yлгүрбөй калдым…» деген  жообун берет.

Демек, бул окуучу убакыттан уттуруп койду.

4.Убакыттан уттурбоонун алтын эрежелери

— Мектептен келип эле үй тапшырмасын карап, анын оор-жеӊилин салмактап көрүп, канча убакыт талап кылынарын эсепте. Ал убакытка дагы жарым саатты кошуп кой. Сага сабак даярдаганга  мына ушунча убакыт керек.

 

— Качан сабак даярдоого отурарыӊды алдын ала болжолдо. Мисалга, түштөн кийин эки саат отурам, анан кийин бошмун…

— «Ишти бүтүргөн соӊ – каалагандай эс ал» деген принцип карма.

— Сабакты ошол тапшырма берген күнү даярда, эки күндөн кийин эмес. Себеби, көп нерселер эсиӊден чыгып кетиши ыктымал.

— Сабакты татаалынан, жазуу түрүндөгүсүнөн башта, анткени чарчай элегиӊде оӊой болот.

— Тапшырманы окуп жатканда башка нерселерге көӊүлүӊдү алагды кылба жана куру кыялдарга бата бербе.

— Эки сааттан кийин бир аз эс алып, басып келип, анан улантсаӊ болот.

— Сабак убагында көӊүл койбой ойноп отуруу – убакыттан уттурганыӊ!  Кийин ал сабакты түшүнүү оӊойлукка турбайт.

— Бардык китептериӊдин жана дептерлериӊдин өз-өзүнүн орду болсун. Чачып коюп отуруу менен – башаламандыкка үйрөнөсүӊ.

— Бардык нерселериӊди кечинде даярдап кой, эртеӊ менен аны издеп убакыт кетиресиӊ же биротоло унутуп кетесиӊ.

— Yйдөн дайыма эртерээк чык. Сабакка кечигип калгандан көрө, эрте келгениӊ жакшы эмеспи.

— Эч качан алыӊ жетпеген нерсени аткарам деп убада бербе. Мисалы, эртеӊ сен текшерүү иш жазсаӊ, китепканага барам, конокко үлгүрөм деп  көп нерсени бир күнгө үйө бербе.

— Алыӊа жараша иш кыл. Албетте, кызыктуу ийримдерге катышуу жакшы дечи, бирок, спорт секциясына жазылып, үч-төрт ийримге катышып, дагы  бир-эки студияга барууга эч кимдин күчү жана убактысы жетпесин  бил.

— Аз сүйлөп – көп иш жаса.  Тапшырманы аябай көп берди деп бир саат бою даттангандан, тапшырма азайбайт. Андан көрө, тапшырманы даярдоого отуруп, четинен кирише берсеӊ, көп нерсеге үлгүрөсүӊ.

Мына ушундай  жөнөкөй эрежелер менен алтындай убакытты туура пайдаланууга  болоорун ар бир окуучу билүүсү зарыл. Эмесе, окууларыӊарга ийгилик каалайбыз!

Н.БӨДӨШОВА.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *