Балдары үчүн эне бир эле күндө канча түйшүк тартат?

Үч баласы бар эркек, бир күнү кечке чейин аялынын эмне кылганын дептерге жазып көрдү.

Эне балдарына бир күндө:

106 жолу балдарына эшик ачып  берди.

16 ирет ботинкелеринин боосун  байлады.

32 жолу кийинтип-чечиндирди.

94 ирет «аны жөн кой» деп айтты.

16 жолу балдарынын чырын токтотту.

11 жолу  тамактандырды.

19 жолу алардын мурдун тазалап-сүрттү.

16 жолу  күлтүккө отургузду.

175 жолу балдарынын берген суроолоруна жооп берди.

Балдары үчүн ары-бери жүгүргөнү 10 километрге чамалады.

Мындан тышкары, үйдүн бүтпөгөн тиричилигин кошкондо…

Аял түйшүгүн эч бир эркек көтөрө албайт!

Андыктан, балдар, апаӊарды ардактагыла!

 

Эне жөнүндө накыл кептер

 

Мен апамды, дарак күндү жана сууну сүйгөндөй сүйөм – ал мени өстүрүп, гүлдөтүп  жана ийгиликтин туу чокусуна чыгууга көмөктөшөт.

(Т. Гуиллеметс).

 

Кудай бардык жерде боло албагандыктан, энелерди жараткан. (Еврей макалы).

 

Эгер, адам эволюциялык жол менен өнүксө, анда эмнеге апалардын колу алигиче экөө эле?                                                                                            (М. Берли)

 

Энелер  – табигый  философтор. (Г. Бичер-Стоу).

 

Эне жүрөгү –  тереӊ, анын түпкүрүнөн  кечирим да табылат.  (О. де Бальзак).

 

Дүйнөдө  бир гана эӊ сонун бала бар,  ал – ар бир эненин баласы. (Кытай макалы).

 

Энелерге берген белегибиз эч нерсеге татыбайт, алар бизге өмүр белек кылбадыбы!

 

Бардык кыздар апаларына окшошкусу келет, бул – алардын  трагедиясы.  Бир да эркек  апаларына окшошкусу келишпейт, алардын трагедиясы ушунда.

(О. Уайльд).

Биз кандай болгонубузга карабастан, энелер бизди бийик  баалашат.

(Дж. Л. Спалдинг).

 

Аялдар эӊ жогорку укукка  – эне болуу укугуна ээ.    (Л. Ютанг).

 Н.БӨДӨШОВА.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *