Өлгөндөн соң 90 күндөн кийин төрөгөн аял

26 жаштагы Катарина Сегуэйра 19 жума боюнда бар кезинде астма оорусунан приступ берип, убагында ооруканага алып барганга мүмкүнчүлүк болбой калгандыгына байланыштуу кислород жетишпей, мээ жансыз болуп калган.

Даарыгерлер жакындарынан уруксат алышып, ичиндеги түйүлдүктү убагына жеткирүү үчүн Катаринанын өпкөсүн жасалма жолу менен дем алдырууну башташкан. Ушундай абал менен гана баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк болгон.

Балага 32 жума болгондон кийин, Катаринанын деп алуусу начарлап, даарыгерлер аргасыздан кесарево жолу менен баланы алып чыгышкан. Мына ушундай көрүнүш менен өлгөн аял ооруканада 90 күн жаткан.

Ымыркай ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн, аны кыска убакытка чейин неонаталдык бөлүмгө которушкан. Баланын салмагы 1,7 килограммга жетип,  дени сак болгондуктан, даарыгерлер аны үйгө чыгарууга уруксат беришкен.

Балага Сальвадор деген ысым ыйгарылды. Ал Португалияда жансыз мээ болгон энеден төрөлгөн экинчи ымыркай болуп эсептелет. Мындай окуя 2016-жылы да болгон.

Булак: www.planetanovosti.com

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *