Балага туура тарбия берүүнүн жолдору

Ар бир эле ата-эне  баласынын келечекте мыкты адам болуп чыгышын каалап , туура тарбия бергенге тырышат. Көпчүлүгү мурунку муун кандай тарбия берсе ошону колдонуп, алар да балдарына өз ата-энеси берген тарбияны берүүнү каалашат. Албетте, ал да туура. Бирок убакыт өтүп жатат. Ар бир муун ар башкача заманда төрөлүп, ар кандай өзгөрүүлөргө туш болот эмеспи. Ошондуктан баланы кылдаттык менен тарбиялоо керек. Ал үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонсоңуздар пайдалуу.

1.Балага эч качан кыйкырба! Ар бир кыйкырган сайын бала аны “губка” сыяктуу өзүнө сиңирип алат да, убагы келгенде ичинен чыгарат. Ошондуктан ал туура эмес кылса, жай гана мындан ары андай нерсе кайталанбаш керектигин айт. Канчалык жиниң келсе да, өзүңдү карман. Эсиңде болсун, сен чоң адамсың, ал болсо бала!

2. Баладан көп нерсени талап кылба! “Сендей кезимде мен мыкты элем, досуң сенден көптү билет, а сен билбейсиң”,- деген сөздөрдү айтпа. Канчалык баланы басынткан сайын ,анын келечекке болгон үмүтү жоголот. Тескерисинче, “Сен менин сыймыгымсың, дагы көп аракет кылышың керек”,-деген жылуу сөздөрдү айтуу зарыл.

3. Ар дайым жакшы маанай тартуулап, өзүңдүн мыкты адам экениңди көрсөт! Ар бир бала ата-энеси кылган нерсени кылаары белгилүү. Кызыктуу өнөрлөрүңдү көрсөтүп аны таң калтыр.

4. Балаңа кошулуп анын ар бир кылган ишин талкуула. Кээде ага өзүң кылчу иш менен да кеңешип кой. Ага ата-эне гана болбостон, дос болууга да аракет кыл. Ошондо гана ал сенден эч бир сырын жашырбай айтып берет.

5. Бала менен көп убактыңды өткөр. Албетте мындай шарт баарыбызда эле боло бербейт. Көпчүлүк ата-энелер иштешет. Ошентсе да жок дегенде жумуштан келгенде көңүл бөлүп анын айтканын угуп коюу керек. Дем алыш күндөрү чогуу эс алууга аракет кыл. Эгерде балага көп көңүл бурулбаса, анда ал жылуу мамилени башка адамдан издей баштайт. Мындай көрүнүш келечекте абдан зыянын тийгизээри белгилүү.

6. Балаң суроо бергенде анын баарына жооп бергенге аракет кыл. Эгер балага билүүгө али эрте боло турган суроо болсо, анда анын башкача жообун таап, убагы келгенде түшүнөөрүн айтуу керек.

7. Кыйынчылыктардан баш тарттырба. Баланы аяп, эч жумуш жасатпай койсоң, келечекте өзү жумуш кылгысы келбей, мен үчүн ата-энем жасап коет деген ишеним менен чоңойюп калат.

8. Эге.рде балаң менен бир окуяны талкуулап, андан сеники туура эмес болуп калса, өзүңдүкү туура эмес экендигин мойнуңа ал. “Мен ата-энемин, меники туура эмес болсо да туура”,-дегенден алыс бол.

Ар бир ата-эне ушуга окшогон кеңештерди колдонуп баласын тарбияласа келечекте ал бала мыкты адам болот деген ишенимдебиз!

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *