8 ден 18 жашка чейинки балдардын ар бир 11-си “цифровой наркоман” болуп баратат

Адамзат компьютердик технология кылымында жашап, жашообуздун дээрлик көпчүлүк бөлүгү техникалашып баратканы анык. Бул албетте, жакшы. А бирок, ар бир нерсенин терс жактары да бар экенин моюнга албасак болчудай эмес. Башкасын жөн эле коёлу, колубуздан гаджет – чөнтөк телефон түшпөй турган заман келгенин баарыбыз эле билебиз. Чоң кишилерге мейли дейли, бир топ иштер телефон аркылуу бүтөт, ал эми кичинелерибиздин да колунан телефон түшпөй, “сотка” менен сооронуп, “сосканын” ордуна “сотка” соруп калганына не дейбиз?!

Бала деген – бала, көргөнүн кылат, үйрөнгөнүн жасайт. Кептин баары ата-энелерде болуп жатпайбы. Мына, өзүбүз деле көрүп жүрөбүз го, тынчыбаган баласынын колуна чөнтөк телефонун карматып, мультфильм коюп бере салса, бала баарысын таштап, ага алаксып отуруп калат… Энесинин колу бошоп, кааласа эс алып, кааласа үй тиричилигин бүтүрүп же курбусу менен сыр чечишип жыргап эле калат! Же бул калппы? Телефон караган баладан же бир үн чыксачы? Бүткүл дитин телефонго буруп, болгон ой сезими менен ошол “соткага” сорулуп батып кеткени менен ишибиз жок.

…Анан, жылдар өтүп, эч ким менен иши жок, өзү менен өзү болгон, үңкүйүп телефон тиктеген же компьютердин алдынан кетпеген бирөө жүрсө, ата-эне кайрадан нааразы болот: а эмне үчүн балабыз биз менен маңдай-тескей отуруп чечилип сүйлөшүп отурбайт? А эмне үчүн үйдө болуп жаткан маселелерге кызыкпайт? А эмне үчүн кандайдыр бир жаңылыкка жарпы жазылып кубанбайт да, өкүнбөйт? Балалык эмоциясы кайда кеткен? Эмне үчүн баарына кайдыгер, ылдый баш?.. Ушундай кыжаалат ойлорго баткан ата-энелер балдарынын кайдыгер болуп калышына өздөрү эле күнөөлүү экендиктерин моюнга алышпайт. Кантип эле чөнтөк телефондун, компьютердин таасири ушунчалык болсун?!- дешип алакан жайышат. Керек болсо, бир эле маселе боюнча көз караштар ача чыгып, ата-эне баласын, баласы ата-энесин түшүнбөй, арадай жерден чарадай чыр чыгып кеткен окуялар да көп катталат.

Мына ушул жерден, балдардын ата-эне, айланасындагылар менен болгон алака-мамилеси кичине – бөбөк кезинен эле башталарын баса белгилеп кетели. Балдар оорулары боюнча адис даарыгерлердин (педиатр) пикиринде: жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн көзүнүн көрүүсү, сүйлөө аппараты жана сөз байлыгы 3 жашка чейин калыптанат. Андыктан, дал ушул мезгилде бөбөктүн ата-энеси баласы менен көп мамилелешип, аны менен дайыма сүйлөшүп туруусу зарыл, ошондой эле бөбөк өзү теңдүү балдар менен тыгыз алакада болуп, чогуу ойноосу ылаазым. Чоң адам болуп өөрчүп-өнүгө турган убакта смартфон менен алаксып, бир бурчта тынчып отуруп калганы – бөбөктүн адам болуп калыптанышын жайлатуучу тоскоол гана болот.

Америкалык педиатрия академиясы 2 жашка чейинки бөбөктөр дегеле электрондук буюмдун таасирине кабылбашы керек деп белгилейт. Ал эми 3-5 жаштарда болгону, бир күндө бир саат гана телефон кармаса болот. Алты жаштан  18 жашка чейинкилер күнүнө эки саат гана телефон менен алектенүүгө болору илимий түрдө далилденген.

А бирок, статистика бул көрсөтмөгө каршы шумдуктай далилдерди айтып жатпайбы. Азыркы учурда балдар күнүнө эч болбо дегенде 6-7 (!) саат бою экрандын алдында отурушат экен. 7-8 жаштардагы балдар кадимкидей эле интернетти тегеретип калышат. Мына ошондуктан, учурдун дагы бир өтө чоң көйгөйү – балдар жана интернет, балдар жана смартфон болуп турат. Себеби, заманбап технологияларды дүйнө балдарынын көпчүлүгү  колдонушарын фактылар далилдейт.

Адамзатынын эртеңине тынчсызданган илимпоздор көп мезгилдерден бери эле дал ушул маселе жаатында баш оорутуп келатышат. Анын биринен болгон педиатр Крис Роуэндин пикирине көз жүгүртүп көрөлүчү. Бул илимпоздун айтуусунда, балдар 12 жашка чыкканча, дегеле мобилдик электрондук буюмду пайдалануусуна тыюу салыш керек. Илимпоз өз оюн далилдүү себептер менен бекемдейт.

Илимпоздун пикири боюнча, анын бул чечимге келгенине төмөнкүлөр себепкер:

Биринчи кеп – ата-энелерде, алар чөнтөгүндөгү телефондун же компьютеринин почтасына кирип, жаңылыктарды кечке окуп, сериалдарды тынбай көрүп, узакка кат жазышып жана сүйлөшүп отуруп, балдарынан өздөрү алыстай баштайт. Бала бул убакта ата-эненин көңүлүнүн сыртында калып, өз кезегинде ал да гаджеттерге, цифралык технологияларга кызыгып жана алаксый кетет. Ошентип отуруп компьютер менен телевизордун алдынан кетпей, телефон талашып чырылдап калышат. 8 ден 18 жашка чейинки балдардын ар бир 11-си “цифровой наркоман” болуп калышканын өздөрү да, ата-энелери да билишпейт. 2011-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму менен рак оорусун изилдөөчү Эл аралык агентчилик чөнтөк телефондору жана башка электрондук буюмдары канцерогендүү, 2В топко кирген зыяндуу түзүм экенин айкындаган.

Эми, өзүңөр эле ой жүгүртүп көргүлө, мээ түзүмдөрү менен  иммундук системасы жаңы гана өөрчүп баштаган жаш организмге негативдүү нерселер кандай таасир этээрин. Төрөлгөндөн тартып эки жашка чейин баланын мээсине таасир этүүнүн көлөмү үч эселеп чоңоё берет, мындай кырдаал 21 жашка чыккычакты уланат. Баланын мээси эрте жашында айлана-чөйрөгө туталанган же таптакыр эле кайдыгер болуп өөрчүшү ыктымал. Телефондун мээге таасир этүүсүн изилдөөнүн жыйынтыгында, гаджетке жетеленген бала кем акыл, өтө жогорку импульстуу кыймылда же тескерисинче, кыймыл-аракетинин аздыгы, өзүн өзү башкара албай калгандыгы менен белгилүү болгон. Кем акылдыгы планшет же телефондо кечке отургандыгы менен шартталат, демек, баланын кыймылда болуп туруучу курагында кыймыл-аркетинин жетишсиздиги – анын акыл-эсинин өрчүшүн басаңдатып таштаган болот.

Эми бизди айтпайлы, Америкада ар бир үчүнчү бала мектепке барганда, анын сабактардан жетише албай, эч нерсеге акылы жетпей калган убактары дайыма катталып турат. Мына ушундан, физикалык активдүүлүк өз кезегинде акыл-эс менен жөндөмдүүлүктү активдештире тургандыгы далилденди.

Бир жерде отуруп кино көрө берүү, электрондук техникага алаксуу, дагы бир жаман нерсени алып келет, ал – семирип кетүү. Компьютердик оюндарга баш-оту менен кирип, столго отуруп алып эле кечке “атыша берүүдөн” салмак баскан балдардын саны улам көбөйүүдө. Семирүү – бир гана тамакты ашыкча жегенден улам келип чыгат деген түшүнүк бул жерден натура болуп калат. Компьютердик оюндар – азыксыз семирте турган сапатка ээ.Балдардын жалпы семирүүсүнүн 30%дан ашыгын дал ушул компьютердик оюндарга оодарса болчудай. Ар бир төртүнчү канадалык же ар бир үчүнчү америкалык тестиер бала ашыкча салмактан жапа чегет жана алардын 30%ы кант оорусуна чалдыккан. Муну менен катар, семирүүдөн жапа чеккен балдар жүрөк оорусуна, инсультка эрте жашында кабылып, жаштайынан өмүрү менен коштошушат.

Мына ошондуктан, илимпоздор ата-энелерди балдарынын ашыкча семирип кетүүсүнөн сакташ керектигин дайыма эскертет жана  XXI кылымдын бир коркунучу – дал ушул гаджет коркунучу экенин ар бир ата-энеге жеткизүүгө аракет кылышат.

Эми, уйку жагын алалы. 60% ата-энелер баласынын качан уктап, качан ойгонооруна анчейин  деле көңүл бурушпайт. Түн бир оокумга чейин экрандан көзүн албай отурган баласынын качан уйкуга баш койгону менен иши жок ата-энелер арбын. Алсак, төрт үй-бүлөнүн үчөөсүндөгү балдар электрондук буюмун  төшөгүнө өзү менен кошо ала жатат. Телефон, ноутбук, планшеттин көгүлтүр жарыгы уйкуга албетте тескери таасирин тийгизет. Ошентип, толук уйкусу канбаган, жакшы эс ала албаган баланын организми алсырай берет. Бул өз кезегинде окууга жетишүүсүн басаңдатпай койбойт. Илимпоздор уйкунун канбаганын – тамактан өксүү, ачка калуу менен бирдей коёт.

Кечке интернетте отуруу менен баланын мүнөзү түнт тартып, ар нерседен коркуу сезими (фобия) күчөйт. Психикалык жактан ооруга чалдыгуу, аутизм жана ата-энелерден алыстоого аракет кылуу (туугандык  сезимдин үзүлүшү) да мына ушундан келип чыгат. Алсак, алты канадалык баланын бири кандайдыр бир психикалык ооруга чалдыгып, өтө күчтүү препарат менен дарыланып жүрөт. Компьютердик оюндардагы агрессияны, адам өлтүрүүнү көрүп отурган баланын мээсинде агрессивдүү сезимдер кала берет. Мээдеги ал агрессия кайсыдыр бир убакта сыртка чыгышы толук ыктымал.

Эми, ушулардын баарын айтып келип, акырында кандай акыл кошо алабыз? Ата-энелер деги кандай кадамга барышы керек? Тапатандан эле балдарына телевизор көрсөтпөй, телефондорун алып, компьютердик оюндарды ойноого тыюу салып коюшу керекпи? Мындай кылганда, абал ого бетер курчуп кеткен болоор эле. Бала ата-энесине таарынып, ачууланып, турган жерден айыгышкан душмандардай болуп калышы ыктымал.

Дегинкиси, телефонго өтө катуу мамиле жасоонун деле кереги жок. Анан калса, компьютер – азыркы замандын эч ажырагыс бөлүгүнө айланган учур эмеспи. Демек, баланы гаджеттерди колдонууга үйрөтүш керек, бирок, өтө эрте курагында эмес. Эптеп сооротуу үчүн бир жаштагы баланын колуна телефонду кармата салбашы керек. Дасторкондо тамак жеп отурганда – телефонго орун жок! Уктаардын алдында балага деги эле эч нерсени коюп бербеш керек, бала менен кошулуп, өздөрүн да чектеш керек. Бала менен кошулуп отуруп алып тамак жасоо, спорт менен машыгуу, кол эмгеги менен алектенүү – дал ушул учурга зарыл керектүү нерсе болуп калмакчы.

Биз бул макалада чет элди мисалга алып көрсөтүп отурабыз. А бирок, учурда биздин элде дагы чөнтөк телефонду пайдалануу маселеси курчуп баратканын кантип жашырабыз. Кипкичинекей балдарына телефондорун карматып коюп иш кылып жүргөн келиндерди көрүп эле жүрөбүз. Бала алаксып аны карап, оозуна салып ойноп, айтор, апасынын колу бошой түшөт…Андай учурларда баланын кылыгына маашырланып күлүп да калабыз. А бирок, бир аз алаксуу оголе көп көйгөйлөрдү жаратарын билбейбиз. Улут эртеңин, уул-кыздардын келечегин ойлоп, балдарды “сотка” менен сооротуудан качсак кантет?!

Даярдаган Н.БӨДӨШОВА.

 

 

 

 

 

 

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *