Ата-энелерибиз ажыраштырып тынышты

Адам болгондон кийин Алла-таалам берген бул жашоодо жаныңды кыйып кете албагандан кийин бардыгына чыдап жашайт экенсиң. Азыр кызым экөөбүз ата-энем менен чогуу жашайбыз. Кудайга шүгүр, материалдык жактан баары жетиштүү. Бирок, бир чоң жетишсиздик бул-жолдошум менен бир үй бүлө болуп чогуу жашабагандыгым. Күйөм экөөбүздүн бирге болбой калганыбызга себепкер болушкан биздин ата-энелерибиз.

Мен үйдө жалгыз кыз болгондуктан ата-энем көзүмдү карап, мектепти бүткөндөн кийин шаардагы эң мыкты жогорку окуу жайлардын биринен окутушту. “Кийин күйөңө көз каранды болбогондой бол, жакшы оку”,- деп жатышып, окуумду аяктап, бир жыл иштегенден кийин турмушка чыктым. Бардыгы жакшы болуп, эл катары той өткөзүп, түтүн булатып жашап калдык. Ошентип кыздуу болуп, мен үйдө 3 жылдай иштебей олтуруп калдым. Анан ата-энем: “Ушунча окуп алып үйдө олтура бересиңби, кызың деги чоңоюп калды, эми жумушка чыга берсең болот”,- дей башташты. Бирок бул сунушка кайын энем менен кайын атам макул болбой коюшту. “Үйдө эле олтура берсин да, бардыгы жетиштүү бизде, андан көрө үй жумуштарына каралашып жүрө бергени оң”,- деп алар сүйлөнөт. Аны угуп меникилер такыр эле көгөрүшөт. Жолдошум эмне дээрин билбейт. Айла жок ата-энесинин сөзүнө кошулат. Мен болсо үй бүлөмдү сактап калыш үчүн иштебей эле коеюн десем, ата-энем мээмди жейт. Ошонун айынан жолдошум экөөбүздүн ортобузда уруш-талаш боло берип акыры алар бизди ажыраштырып тынышты.

Айла жоктон кызымды алып ата-энемдикине келе бердим. Күйөм болсо үн катпастан кала берди. Ал да эки ортодо чайналды да калды. Мен кеткенден кийин эле беш ай өтүп-өтпөй ага ата-энеси башка аял алып берип коюшуптур.

Эмне кылам? Айла жок, жалгыз кызым үчүн жашап, иштеп келем. Жолдошумду унута албайм. Ал кызын көргөнү келгенде көздөрүнөн мага болгон сезимдери өчпөгөнүн көрөм. Бирок мен анын азыркы жашоосун бузгум келбейт. Ага бакыт гана каалайм. Бул ажырашууга бардыгыбыз күнөөлүүбүз! Жолдошум да, мен да, ата-энени катуу сыйлап, алардын сөзүн эки дей алган жокпуз. Куда-кудайгыйлардын келишпестигинен улам жок жерден бир үй бүлө ыдырап калды.  Мен кийин кызыма жана бардык эле жаштарга меникиндей жашоону каалабас элем. Бул жашоонун маңызы- бактылуу үй бүлө экенин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар экен!

Жазып алган: Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *