Эл башкарган “эки достун” сырлары

Акыркы күндөрү өлкөбүздө саясий оюндар күч алып, учурдагы ажобуз менен экс-президенттин ортосундагы сырлары ачыкка чыкты. Ал сырларды Атамбаев өзү эл алдына чыгып “балп” эттирип айтып баштады. Жер-жерлерде жыйын өткөрүп, ар бир жыйында “досу” экөө саунага барганына чейин ачыкка чыгарды. “Эми мындай көрүнүштөргө Жээнбеков кандай жооп берет болду экен”,- деп тымызын күткөндөр көп. Ал  адаттагыдай эле Атамбаевдин өзүнө тийише албай жанындагыларды, же болбосо Атамбаев тарапка өткөндөрдү кысымга алабы, аны да күтө туралы. Бирок ушундай көрүнүштүн баарын карап туруп “Биздин өлкөгө качан өзүн эмес, элин ойлогон жарытылуу президент келет?”,-деген суроо туулбай койбойт. Кайсы саясатчыны караба баары тең ошол эле Акаев, ошол эле Бакиев, Атамбаевдин учурунда иштеп, жарытылуу иш алып барбагандар. Албетте, беш кол тең эмес. Арасында элин ойлогондор да бар. Бирок алар саналуу гана. Эки дос алдыдагы парламенттик шайлоого чейин дагы канча тирешет болду экен? Айтор экөөнүн чогуу кылган кандай жоруктары ачыкка чыгып, качанкыга чейин элге шылдың болушат? Эмесе “эки достун” бирөө экс, бирөө учурдагы президент. А президенттердин деңгээли ушундай болсо, кайдагы өнүгүүнү самап жүрөбүз?….

Манасова Б

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *